Иран ишкерлери кыргызстандык өнөктөштөргө кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР
Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран Ислам мамлекетинин ишканалары айыл-чарба, химиялык өндүрүш менен инфраструктуралык объекттерди куруу тармагында иш жүргүзөт.

БИШКЕК, 19 – апр. Sputnik. Бишкекте, шаршемби күнү, 19-апрелде, кыргызстандык бизнесмендер менен иран ишкерлеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода- өнөр жай палатасы билдирди.

Аталган жолугушуу Иран мамлекетинин тышкы иштер министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында болмокчу.

Иран ишканалары ГЭС, суу сактагыч, тоннел куруу, техникалык-инженердик жабдууларды даярдоо, мунай зат, химиялык жана таш иштетүү тармагында иш алып барышат. Иш-чарада аталган багыттагы маселелер талкууланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0