Казакстанга Кыргызстандан кайсы унаалар кире турганы аныкталды

Жазылуу
Кыргызстандык номерлерди мыйзамсыз колдонгон айдоочулар ачыкка чыгарыларын Алматы шаарынын Ички иштер департаменти жар салды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда катталган унааларды казак жарандары кандай тартипте колдоно аларын Алматынын Ички иштер департаменти айтып берди.

"Кыргызстанда катталып, Казакстанга 2014-жылдын 1-январына чейин киргизилген унаалар 4-экологиялык класска таандык болуп, анын блокко каршы системасы, коопсуздук жаздыгы, балдардын отургучун бекитүүчү шаймандары болсо гана Бажы Союзунун товары катары эсептелип, катталууга мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле убакта Кыргызстан менен ЕАЭБдин аймагына тиешелүү бажы төлөмүн төлөгөн учурда Казакстанга 2014-жылдын 1-январынан кийин киргизилген унаалар ЕАЭБге таандык транспорт каражаты катары таанылат.

Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Иран ишкерлери кыргызстандык өнөктөштөргө кызыкдар
Бажы төлөбөгөн унааларга Казакстандын аймагында убактылуу гана жүрүүгө уруксат берилет, мындай абалда аталган транспорттор Кыргызстанда каттоодо турушу талап. Эгер мындай унаалар узак мөөнөткө кала турган болсо, чет элдик унаа катары саналат. Казакстандын аймагынан каттоодон өтүү үчүн ЕАЭБ талаптарына ылайык бажы көзөмөлүнөн өтүшү керек. Ошондой эле техникалык коопсуздук стандарттарына жооп бериши шарт.

"Кыргызстандан киргизилген унааларды каттоо үчүн бажы органдарынын уруксаты керек. Жогоруда айтылган талаптар сакталбаган транспорт каражаттары Казакстанда каттоодон өткөрүлбөйт. Кыргыз жарандарына катталган унааларды убактылуу колдонууга уруксат берилбейт. Аталган транспорт каражаттарын айдоого Казакстандын жарандарына тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.

Бул талаптардын негизинде Алматы шаарында кыргызстандык номерлерди мыйзамсыз колдонгон айдоочулар ачыкка чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0