Бир жыл мурда сатылган спирт заводду азыркыга чейин эч ким сатып ала элек

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСпирт заводу. Архив
Спирт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик былтыр Кара-Балтадагы спирт завод 200 миллион сомго сатылды деп кабарлаган. Бирок, кийинчерээк аталган объект кайрадан сатыкка коюлганы маалым болду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Аукционго коюлган Кара-Балтадагы спирт заводун жеңип алган киши аны алуудан баш тарткан. Бул туурасында Мамлектеттик мүлк боюнча фондунун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
Мамлекеттин карамындагы бул ишкананын баштапкы баасы 200 миллион сом. Мекеме менчик спирт заводдору менен теңтайлаша албаганынан улам сатыкка коюлууда. Акыркы 3 жылдан бери толук иштебеген завод былтыр аукционго коюлуп өтпөй калган.

Былтыркы жылдын июль айында Маммүлк фондусу аталган завод 200 миллион 42,8 миң сомго сатылгандыгын кабарлаган. Тоорукта "Алкоинвест" ЖЧКнын ишеним каты менен Константин Дихтярь аттуу адам жеңүүчү деп табылган. Кийинчерээк аталган жайдын кайрадан сатыкка коюлгандыгы тууралуу маалымат чыккандыктан, Sputnik Кыргызстан аталган Фондуга маалымат сурап кайрылган.

"Тоорукка эки тарап катышып, анын бири жеңүүчү деп табылганы менен, ал бир аз убакыттан кийин сатып алуудан баш тартты. Биз түзүлгөн келишимди бузуп, аны менен кошо төлөнгөн 20 миллион сомду бюджетке котордук. Мыйзам боюнча, аукциондун жеңүүчүсү андан баш тартканда жалпы нарктын 10 пайызы мамлекетке калат", — деди Мураталиев.

Сыра заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда сыра чыгарган эң чоң завод курулат
Ал учурда комплексти баалоо иши жүрүп жаткандыгын жана ал бүтөөрү менен жаңы аукцион жарыяланарын айтты.

"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы 1942-жылы түптөлүп, Кант заводунун базасында түзүлгөн. Ишкана негизинен спирт чыгаруу жана аны техникалык жактан иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтөт. Эгемендик жылдарында да иштеген завод жылына 10 миллион литр этил спиртин өндүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0