Улуттук банк валюта рыногунан дагы 3,5 миллион доллар сатып алды

Жазылуу
Акыркы жума ичинде доллардын наркы дээрлик бир сомго чейин арзандады.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы дүйшөмдү күнү валюта рыногунан 3 миллион 510 миң доллар сатып алганы банктын расмий сайтына жарыяланды.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде миллион доллар кантип тапса болот. Байлар менен карапайымдардын пикири
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери долларды үчүнчү жолу сатып алып жатат. Бул аракеттердин баары акыркы он күн ичинде жасалган.

Биринчи жолу 18-апрелде 8,8 миллион доллар, андан кийин 3,85 миллион доллар сатып алган. Ошентип Улуттук банк жалпысынан 16 миллион 160 миң долларды валюта рыногунан алды.

Жыл башынан бери доллардын расмий баасы эки сомго арзандап, учурда бир доллар 67,14 сомдон сатылууда. Ал эми акыркы бир жумада эле 1,14 сомго арзандаган.

Улуттук банк интервенцияны түрдүү себептерден улам валютанын курсун турукташтыруу үчүн жасайт. Былтыр ал 192 миллион доллар сатып алып, 150 миллион доллар саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0