Катарлыктар Кыргызстанда өндүрүлгөн суу, эт жана бал сатып алууга даяр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота сельскохозяйственного рынка в Великом Новгороде
Работа сельскохозяйственного рынка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги аталган азыктардын үлгүлөрүн Катарга жөнөтүү менен алектенүүдө.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр суу, бал жана эт азыктарын Катар мамлекетине экспорттой баштайт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Молочный комбинат в Омске - Sputnik Кыргызстан
Сибирь округу КРде өндүрүлгөн сүт азыктары менен мөмө-жемиштерди сатып алууга даяр
Маалыматка ылайык, апрель айынын соңунда кыргызстандык өндүрүүчүлөр өз продукциясын араб бизнес коомчулугуна сунуштаган. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүдө катарлыктар ата мекендик суу, бал жана эт азыктарын алууга кызыкдар экендигин билдирген.

Учурда Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги аталган азыктардын үлгүлөрүн Катарга жөнөтүү менен алектенүүдө. Азырынча экспорттоло турган товардын көлөмү белгилене элек.

Андан сырткары, араб өлкөсү кургатылган мөмө-жемиштерди алганга дагы даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0