Спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү мамлекет тарабынан жөнгө салынат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота московского завода шампанских вин "Корнет"
Работа московского завода шампанских вин Корнет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган норманы камтыган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Этил спирти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Аталган норманы камтыган мыйзам добоору Жогорку Кеңеште каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Спирт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл мурда сатылган спирт заводду азыркыга чейин эч ким сатып ала элек
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукцияларын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөгөн атайын бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү чарасы сунушталууда.

Демилгечилердин айтымында, бирдиктүү тутум аткезчиликке бөгөт коюп, бюджеттик кирешелердин көбөйүшүн шарттайт.

Эл өкүлдөрү учурда көмүскө алкоголдук продуктарды өндүргөндөрдүн саны өтө арбын экендигин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0