Кыргызстандын азык-түлүктөрү Сибирдеги ири соода борбордо сатылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСупермаркет. Ахрив
Супермаркет. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода жүргүзүүгө кызыкдар тараптар министрлик менен байланышса болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиянын Сибирь федералдык округунунда дүң жана чекене баада сатууга ылайыкташкан ири соода борбору ачылып, ал жерге кыргызстандык өндүрүүчүлөр да чакыруу алды. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравия Кыргызстандын товарларын алууга дилгир
Соода борбордо эт, сүт, жашылча жана мөмө-жемиштер, кондитердик жана башка азык-түлүк сатылат. Мекеме эки кабаттан туруп, жалпы аянты 18 миң чарчы метрди түзөт.

Биринчи кабатына дүң жана чекене баада сатыла турган жер-жемиштер, экинчи кабатында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын товарларынын көргөзмөсү өтөт. Мекеменин бир чарчы метринин ижара акысы 1500дөн 7500 рублга чейин болуп, жеңилдиктер каралган эмес.

Кызыкдар тараптар министрлик менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: (0312) 62-38-42.

Жаңылыктар түрмөгү
0