Атамбаев: Кыргызстан Taobao үчүн логистикалык борбор боло алат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык "Бир алкак — бир жол" форумуна мүчө мамлекет башчыларынын кереге кеңешинде сөз сүйлөдү.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-майда Пекинде өтүп жаткан эл аралык "Бир алкак — бир жол" форумуна катышкан мамлекет башчыларынын кереге кеңешинде чыгып сүйлөдү.

Мамлекет башчысы азыр дүйнө терең трансформация мезгилин баштан кечирип жатканын белгилеп, "Бир алкак — бир жол" алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана чоң болочокту ачып жатканына токтолду.

Атамбаевдин сөзү боюнча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул демилге деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет.

"Бирок ылгый логистикалык жана транспорттук маселелерди гана чечүү менен чектелбестен, биз председатель Си Цзиньпин кечээ өз баяндамасында айткан санариптик Жибек Жолун куруу идеясын колдогубуз келет", — деди президент.

Атамбаев ошондой эле Кыргызстанда азыркы кезде 2040-жылга чейин эсептелген узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жасалып жатканын билдирди. Өлкө башчы "Таза коом" санариптик трансформациялоо улуттук программасы стратегиянын негизги компоненти болуп каларын кошумчалап, "Бир алкак – бир жол" концепциясын аталган улуттук программа менен байланыштырууга даяр экендигин билдирди. 

Президент төмөнкү милдеттерди чечүүгө киришүүнү сунуш кылды. 

Международный форум Один пояс, один путь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
"Жаңы Жибек жолу": долбоордун Борбор Азия жана Кыргызстанга таасири кандай?
"Биринчи, Кытайдан Кыргызстандын аймагы аркылуу Европага өтүүчү жибек була-оптикалык обого берүү линиясын (ВОЛС) кеңейтүү. Эгерде ВОЛС Кыргызстан аркылуу өтсө, Гонконгдон жана Шанхайдан Бернге жана Римге, Будапештке, Брюсселге, Прагага, Мадридге чейинки берүүлөрдүн ылдамдыгы ондогон эсеге өсөт. Экинчиси, жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү. Aлибаба, Taobao сыяктуу интернет-алптардын өсүү шартында Кыргызстан чоң Евразия өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн интернет буйрутмаларды аткарууну тездетүү максатында логистикалык борборлорду курууга эң эле ыңгайлуу өлкө боло алат”, — деди Атамбаев.

Президенттин сөзү боюнча, жаңы Жибек Жолунун алкагында Кыргызстан "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун колдойт. Өлкө башчынын айтымында, бул жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана Персия булуңу менен Тынч океандагы портторго түз чыгууга өбөлгө болот. 

Сөзүнүн аягында Атамбаев меймандостугу үчүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0