Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын жакшыртууга 5 млн. доллар керектелет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор ишке ашып калса Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 15 пайызга жогорулашы ыктымал.

БИШКЕК, 15-май. — Sputnik. Кыргызстандын сүт өндүрүү тармагын алдыга жылдыруу максатында 5 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети Дүйнөлүк банк өкүлдөрүнө өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын жакшыртууга багытталган долбоорун сунуштап, ал банк тарабынан каржыланмай болду.

"Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул долбоор ишке ашса, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 15 пайызга жогорулашы ыктымал. Бул багытта Дүйнөлүк банк 5 миллион доллар бөлүп, анын 2 миллион 250 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 2 миллион 750 миӊ доллары насыя болуп эсептелмекчи", — деп жазылат маалыматта.

Долбоордун алкагында сүт өндүрүүдөн тышкары, 220 миӊ баш малды иденфикациялоо жумуштары жасалып, кошумча 3 ветеринардык пост орнотулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0