Бириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017 IX эл аралык экономикалык саммитинде

Эң бай араб Кыргызстан тууралуу оюн айтты

27239
(жаңыланган 10:08 22.05.2017)
Мишаль Кану журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, анын жооптору жагымсыз болорун эскертти.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017" IX эл аралык экономикалык саммитинде Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери жөнүндө пикири менен бөлүштү.

"Аталган региондон Казакстан менен гана иштешсе болчудай. Ал эми Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө бизнес жасоо үчүн тоскоолдуктар оголе көп экен", — деди Кану.

Ал бул мамлекеттердин ордуна инвестицияга бардык шарттар түзүлгөн башка өлкөлөр бар экенин белгилеп өткөн.

27239
Белгилер:
инвестор, Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстандын депутаттары Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлүүнү жактырды
Кытай менен Кыргызстан чогуу кичи жана чакан бизнести колдой турган болушту