Кыргызстандын продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбейби? Өкмөттөн жооп

© Sputnik / Александр КондратюкПервичный анализ молока в городском молочном комбинате.
Первичный анализ молока в городском молочном комбинате. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан экспорттолгон продукциялар үчүн 12-августтан тарта жаңы талаптар кирет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандык фермерлердин товарлары ушул жылдын 12-августунан тарта кыргыз-казак чек арасынан өткөрүлбөйт делген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 12-августтан тарта Евразия экономика биримдигинин (ЕАЭБ) 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Эреже боюнча өндүрүүчүлөрдүн товарлары бул талаптарга жооп бериши керек. Буга чейин Дыйкан-фермерлер партиясынын башчысы Куттубек Асылбеков аталган мөөнөттү жылдыруу демилгесин айтып чыккан. Анын пикиринде азыркы маалда өлкөдөн чыгып жаткан продукция жаңы регламенттин шарттарына төп келбейт.

"Учурда Кыргызстандан чыгып жаткан продукция ал регламентке жооп бербейт. Ветеринардык лабораториялар тиешелүү техника менен жабдыла элек. Андан сырткары, ал лабораториялар биримдиктин аккредитациясынан өтөт элек", — деген Асылбеков.

Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Быйыл ЕАЭБде Кыргызстандын экономикасы алдыга озуп чыгары болжолдонууда
Ал эми өкмөттөн ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларын экспорттоп жаткан ишканалар буга чейинки үч регламенттин негизинде иштеп келгендигин белгилеп, алар үчүн эч кандай талаптар өзгөрбөй турганын айтышууда.

Ошондой эле белгиленген мөөнөттү жылдыруу маселеси каралбай тургандыгын жана бул талаптар менен биримдиктин башка мүчөлөрү дагы иш алып барып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0