Дүйнөлүк банк: электр энергиянын баасы бай кыргызстандыктар үчүн гана пайдалуу

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка современных светодиодных светильников в Бишкеке
Установка современных светодиодных светильников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда азыр электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондо 77 тыйын төлөнсө, андан ашканда ар бир киловатт 2 сомдон эсептелет.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Учурдагы тариф колунда барларга гана пайдалуу. Мындай пикир Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын экономикалык тармагына жасаган экономикалык анализинде айтылат.

Азыр колдонулуп жаткан тариф өнүгүүнү артка тартып, социалдык иштерге карама-каршы келет. Учурда мамлекет аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүгө аракет кылууда. Электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор 77 тыйындан төлөсө, андан ашкандар үчүн ар бир киловаттына 2 сомдон эсептелет.

"Бул коюмдар электр энергиясын кадыресе колдонгондордун 80 пайыздан ашыгына тиешелүү. Ошентсе дагы жеңилдетилген тарифке муктаж эмес кардарлар менен ири өнөр-жайлар үчүн гана пайдасын берип жатат", — деп отчетте айтылат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, азыркы тариф чакан коммерциялык колдонуучулардын алдамчылыкка баруусуна өбөлгө болот. Алардын көбү катардагы колдонуучу катары катталып, электр энергиясы үчүн көп акча төлөөдөн качышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0