Сүт. Архивдик сүрөт

Сүт менен алтындан улам Кыргызстандын экспорту көбөйдү

134
(жаңыланган 12:39 07.06.2017)
2017-жылдын биринчи кварталындагы экспорттун көлөмү 433 миллион долларды түзгөн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 2017-жылдын биринчи кварталында экспорт 28,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин адам өнүктүрүү боюнча улуттук докладында айтылат.

2016-жылы биринчи кварталда экспорттун көлөмү 332 миллион долларды түзгөн болчу.

"2017-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 28,5 пайызга өсүп, 433 миллион долларды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Экспорт негизги үч багыт боюнча өскөн. Өнөр жай тармагындагы товарлардын көлөмү 40 пайызга, сүт азыктары эки эсе жана алтындын экспорту 50 пайыздан ашык жогорулаган.

134
Белгилер:
сүт азыктары, экспорт, алтын, Экономика министрлиги
Тема боюнча
Кыргызстандык 28 компания ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди
Кыргызстандын продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбейби? Өкмөттөн жооп