ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз товар ташуу токтой элек

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана
Спецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтомуна ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып киргендер өзү менен белгиленген формадагы коштомо кагазды алып жүрүүсү зарыл.

БИШКЕК, 15-июн.— Sputnik. Беш ай ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз ташып кирген 178 автоунаа айып короого токтотулду. Бул туурасында Салык кызматынынан кабарлашты.

Январь айынан тарта Кыргызстанга кирип жатканда мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү талаптарын бузуп, мыйзамсыз товар ташып киргендиги үчүн 744 автоунаа кармалган. Буга кошумча ташып бара жаткан жүктүн коштоочу документтери жок болгон фактылар аныкталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында күйүүчү май, дөңгөлөк, күн карама майын ташып келе жаткан 178 автоунаа бул товарларды коштоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Жүктүн ээлерине тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Первичный анализ молока в городском молочном комбинате. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбейби? Өкмөттөн жооп
Андан сырткары, чарбалык эки субъектиге 12 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. Ал эми 144 материал аймактык салык органдарына андан аркы тескеп-башкаруу үчүн өткөрүп берилип, калган фактылар боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып киргендер өзү менен белгиленген формадагы коштомо кагазды алып жүрүүсү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0