Казаков: оптимизациялоодо катталган 1130 ишкананын 900ү кагаз жүзүндө болуп чыкты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЗавод "Дека" в Великом Новгороде
Завод Дека в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оптимизациялоо жыйынтыгында 30 ашпаган ишкана калып, калгандары мамлекеттик мекеме, филиалдар, акционердик коомдор болуп кайрадан түзүлөөрү айтылууда.

БИШКЕК, 17-июн.— Sputnik. Өкмөттүн мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо процесси аяктагандан кийин 30дан ашпаган ишкана гана мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча жумушчу жыйында билдирди.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо иштеринин алгачкы жыйынтыктары тууралуу билдирген.

Анын айтымында, бир катар ишканалардын ишиндеги ыйгарым укуктуу максаттар өз багытында эмес экендиги жана штаттык орундар ашыкча жазылганы белгилүү болгон.

"Алардын катарына "Кыргыз темир жолу", "Кыргызжилкоммунсоюз" жана башка мамлекеттик ишканалар кирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков ИИМдин негизги милдеттерин атады
Казаков акыркы он айда мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча иштерди айтып жатып, кагаз жүзүндөгү ишканалар туурасында сандарга да токтолду.

"Иштин жыйынтыгында мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоодо катталган 1130 ишкананын 900ү кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталды", — деп билдирген Маммүлк төрагасы.

Өкмөттүн маалыматында оптимизациялоо жыйынтыгында 30дан ашпаган ишкана калары, калгандары мамлекеттик мекеме, филиалдар жана акционердик коомдор болуп кайрадан түзүлөөрү айтылган.

"Учурда мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча толук кандуу иштердин жүрүшү менен алардын саны 1130дан 137ге кыскартылды. Өкмөттүн жумушу муну менен токтоп калбайт, азыркы тапта алардын санын 30дан ашырбоо боюнча бир катар чечимдер даярдалып жатат", — деп айткан Жээнбеков.

Жыйын соңунда өкмөт башчы Маммүлк фондусуна азыркы 137 ишкана боюнча кылдат иликтөө жүргүзүп, аларды жокко чыгаруу жана кайрадан түзүү боюнча сунуш киргизүүнү, андан сырткары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестрин" түзүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0