"Ак-Кеме" мейманканасынын жаңы ээси "Мүлк" мамлекеттик ишканасы болду

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Ак-Кеме" мейманканасынын жанындагы милиция кызматкерлери
Ак-Кеме мейманканасынын жанындагы милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманкана кадимки режимде иштеп, кызматкерлери дагы өз ордунда калары айтылды

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ак-Кеме" мейманканасы "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын менчигине өткөндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Ак-Кеменин эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео
Бүгүн, 22-июнда ""Ак-Кеме" мейманканасы таң эртеңден тарта курчоого алынган. Объектини мамлекеттин менчигине өткөрүп алуу үчүн милиция кызматкерлери менен биргеликте Маммүлк фондусунун өкүлдөрү да барган.

Мейманкана жетекчиси Руслан Сарымсаков буга чейин мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эскертпей туруп келишкенин билдирген.

Ал эми  Казаков мейманкана жетекчилигине буга чейин эскертүү берилгенин жана өкмөттүн буйругу менен конфискациялангандыгын айткан.

"Ал жактан биздин билдирүүлөргө эч кандай жооп болгон эмес. Ошондуктан, бүгүн өкмөттүн буйругу менен мейманкананы конфискацияладык", — деген Казаков.

Анын айтымында, мейманкананын мындан аркы тагдырын мамлекет чечет. Ошондой эле анын сатыкка коюлар-коюлбасы дагы жакынкы арада белгилүү болот.

Буга чейин мейманкана азырынча кадимки режимде иштеп, кызматкерлери да өз ордунда калары айтылган

Азыр ал жерде эмне болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын түз алып көрсөтүүсүнөн маалымдар боло аласыз

Жаңылыктар түрмөгү
0