БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Монополияга каршы күрөшүү агенттиги "Скай Мобайл" ЖЧКсы (Beeline бренди) менен "Альфа Телеком" ЖАКга (MegaCom бренди) монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 58 миллион сом (839 миң долларга жакын) айып салды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Уюлдук операторлор абоненттердин сүйлөшүүсүн 50 пайызга кымбаттатуу боюнча өз ара жаңы келишим түзүшкөн. Бирок башка операторлор менен болгон шарттар өзгөрүлгөн эмес. Монополияга каршы агенттигинин маалыматына караганда, мындай аракеттер "Атаандаштык" жөнүндөгү мыйзамдарга туура келбейт.
"Аталган келишим рынокко жаңы оюнчулардын киришине жолтоо болуп, атаандаштык жаратууга жол бербейт. Мындан ары Монополияга каршы органы тарабынан мындай фактыларга карата катуу чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик агенттиктен 58 миллион сомду чапчыган айып пул мамлекеттик казынаны толуктай турганын билдиришти. Ошондой эле мындай айып пул тарыхта биринчи жолу салынып жатканын кошумчалашты.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.