Ош: текшерүү учурунда миллиондогон каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Жазылуу
Аудит учурунда 8,9 миллион сомдук чыгым артка кайтарылды

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында бюджеттик жана муниципалдык имараттарды аудиттен өткөрүүдө 17,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар болгонун КР Эсеп палатасынан билдиришти.

Жалпысынан аудиттен Ош шаарынын мэриясы, шаардык каржы башкармалыгы, регионалдык казыналык бөлүм, бюджеттик жана муниципдык ишканалар өткөрүлдү.

"Текшерүү маалында товардык-материалдык баалуулуктарга — 0,1 миллион, максатсыз айлык төлөөлөргө – 1 миллион, материалдык баалуулуктарды негизсиз жокко чыгарып салууга – 0,4 миллион, курулуш иштеринин баасын асмандатып көрсөтүү – 12,9 миллион сом кеткени белгилүү болду. Ушул сыяктуу дагы бир нече негизсиз чыгымдар табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Келтирилген чыгымдын 16,3 миллион сомун өндүрүүгө болот. Аудит учурунда 8,9 миллион сомдук чыгым артка кайтарылды.

Ошондой эле аталган аудит маалында бюджеттен 25,6 миллион сомдук жоготуу болгону аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0