Жээнбеков "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду тез арада оңдоону тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине Кайыңды-Кант заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ушу тапта Чүй облусун кыдырып жүрөт

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар "Кайыңды-Кант" заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат. Өкмөт башчы мындай жагдай калаанын ички жолдорунун бузулушуна алып келерин белгилеп, ремонтту алдыдагы 10 күндүн ичнде баштоону милдеттендирди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине Кайыңды-Кант заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБилдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар "Кайыңды-Кант" заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат
Билдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар Кайыңды-Кант заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар "Кайыңды-Кант" заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине "Кайыңды-Кант" заводуна барчу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды
2/2
Билдирүүдө кант кызылчасын ташыган автоунаалар "Кайыңды-Кант" заводуна ушул жол аркылуу өтөрү, анын начардыгынан улам дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылат

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун берген маалыматы боюнча жол тилкесинин үч чакырымы оңдоону талап кылат. Ошондой эле сууну бургулоо системасын орнотуу жана көпүрө куруу пландалууда. Анын айтымында, аталган жол менен Чүй облусунун ички жолдорун асфальттоо иштери жүрүп, ал 15-августка чейин аягына чыгат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол курулушу менен таанышууда. Архивдик фото - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков "Кара-Балта — Бишкек" жолунун курулушун көрүп, Чалдыбарга барат
Жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы Сосновка — Сары-Булак авто жол тилкесиндеги Кара-Балта дарыясында 1967-жылы курулган авариялык абалда турган көпүрөнү көрдү. Аталган көпүрө Чүй облусунун бир нече райондорун жана айыл өкмөттөрүн байланыштырат.

Калиловдун айтымында, бүгүнкү күндө жарыяланган тендердин жыйынтыгында жалданма компания аныкталды, эми жакынкы күндөрү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталат. Бул максатка республикалык бюджеттен 14 миллион сом каралган.

Мындан тышкары, Жайыл районунда жалпысынан үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин эсебинен беш чакырым жолду асфальттоо пландаштырылган. Аталган иштердин жалпы баасы 22 млн сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0