Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу чехиялык компания тууралуу 5 факты

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСтроительство Нижне-Бурейской ГЭС
Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги Кыргызстандагы энергетикалык объекттерди кура турчу чет элдик компания тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы кура турганы белгилүү болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү аталган компания менен келишимге кол койду.

Ага ылайык, Liglass Trading CZ, SRO компаниясы Ак-Булуң ГЭСи менен Нарын-1 ГЭСин куруп, ошондой эле "Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларын куруу" долбоорун ишке ашырышы керек.

Sputnik агенттиги аталган компания тууралуу кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Эйр Кыргызстан авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайга "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын 49% акциясы сунушталды
Чехиянын Liglass Trading CZ компаниясы 2003-жылы негизделген. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алар күндүн нуру менен иштеген жана гидроэлектростанцияларды куруу менен алектенет. Буга чейин Армения, Италия, Чехия, Сербия жана Россияда ГЭСтерди курган.

Акыркы жылдары Liglass Trading инвестиция салуу жана Европада ГЭСтерди куруу боюнча ишмердигин арттырып келет.

2017-жылдын июнь айынын аягында Кыргызстандын аймагында чакан 10 ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган.

Чехия тарап Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин өлкө президенти Милош Земан Астанада Алмазбек Атамбаев менен эки тараптуу жолугушууда билдирген.

Келишимге ылайык, чех компаниясы Кыргызстандын "РусГидро" компаниясына болгон 37 миллион долларлык карызын төлөөнү өз мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0