Араван районунда ири цемент заводу курулууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОАО "Теплоозерский цементный завод" в поселке Теплоозерск под Биробиджаном
ОАО Теплоозерский цементный завод в поселке Теплоозерск под Биробиджаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы цемент заводун курууга жалпы 88 миллион доллар сарпталмакчы

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, завод "ЮКСМ" ЖЧКсы тарабынан салынып, быйылкы жылдын эсебинен эң чоң курулуш болмокчу.

"Цемент заводун куруу иштери 2017-жылдын март айында башталып, учурда иш кызуу жүрүүдө. Завод ишке берилген соң 250 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болмокчу", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы цемент заводун курууга жалпы 88 миллион доллар сарпталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0