Кыргызстанда жаңы баалуу кагаз түрү киргизилиши мүмкүн

Жазылуу
Жаңы баалуу кагаз инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлерге кошумча түрткү болот

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргызстанга инфраструктуралык облигация түшүнүгүн киргизүүнү сунуштап жатат.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын кору сом менен алганда рекорддук көрсөткүчкө жетти
Мындай кадамдар коомдук талкууга коюлган "Баалуу кагаздар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган мекеме жаңы облигация түрү мамлекеттик жеке өнөктөштүк келишиминин негизинде бийлик тарабынан кепилдик камсыздала тургандыгын белгилейт.

Ошондой эле ал инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлердин Кыргызстанда иштөөсү үчүн кошумча түрткү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0