БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү Кыргызстандын Улуттук банкы 13 миллион 950 миң доллар сатып алгандыгын мекеменин расмий сайтында жарыяланды.
Бул жылы чет өлкөлүк валюта төртүнчү жолу сатып алынууда.
Акыркы жолу ушул жылдын 22-апрелинде сатып алуулар болгон.
Бирок, мындан эки жума мурда жашыл акчанын наркы өсүп, бир доллар 69,6 сомго бааланып калганда, Улуттук банк тескерисинче аны саткан.
Улуттук банк интервенцияны түрдүү себептерден улам валютанын курсун турукташтыруу үчүн жасайт. Былтыр 192 миллион доллар сатып алып, 150 миллион доллар саткан.