"Айдаркен" сымап комбинаты ишин жандандырмай болду

© SputnikДеятельность Айдаркенского ртутьного комбината
Деятельность Айдаркенского ртутьного комбината - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын тартыштыгынан токтоп калган комбинатка ата мекендик ишкана акча салууда

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Көп жылдан бери токтоп турган "Айдаркен" сымап комбинатынын өндүрүш иши жанданат. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Толубай Салиев билдирди.

Анын айтымында, ишканага ата мекендик компания акча салууда.

"2009-жылы шахталарды суу каптап, комбинат ишин токтотууга мажбур болгон. Ошондон бери бизнес долбоорлорду жазып инвестор издеп келгенбиз. Быйыл май айында "Север Сталь" ЖЧКсы келип таанышып кеткен. Ал эми 14-июлда эки тараптуу келишимге кол коюлду", — деди ишкана директору.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен: жолду начар курган кытайлык компанияга айып салынып, иши токтотулду
Ошондой эле инвестор компаниянын өкүлү Абдимиталип Жапаров ишканага жергиликтүү тоо-кен адистери тартыларын белгиледи.

"Айдаркен" сымап комбинаты 1941-жылы Украинадан шашылыш түрдө көчүрүп келинген. Кийин ал дүйнөдөгү сымап өндүрүүчү ири комбинатка айланган. Бирок 1990-жылы мамлекет тарабынан каржылоо токтоп, ишкана ПЕСАК программасына киргизилген.

Белгилей кетсек, Айдаркендин аймагында 45 жылга жете турган сымаптын кору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0