Megacom сайты. Архивдик сүрөт

Багы ачылбаган MegaCom. Эми аукцион аркылуу эмес, түз сатылышы мүмкүн

120
(жаңыланган 16:49 01.08.2017)
Уюлдук оператор буга чейин үч жолу тоорукка коюлуп, үчөөндө тең сатылбай калган. Башында ал 19 миллиард сомго бааланса, учурда 13,5 миллиардга чейин түштү

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өлкөнүн Экономика министрлиги Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча жобого түз сатуу ыкмасын киргизүү жаатында токтомдун долбоорун иштеп чыкты.

Документте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө аны белгилүү инвесторго түз сатуу ыкмасын киргизүү сунушталган. Мындай кадам айрым учурларда, мисалы, бир объектини сатуу үчүн үч жолку аракет ишке ашпаган учурда гана колдонулат. Алар:

  • Аукциндо сатуу;
  • Конкурста сатуу;
  • Кийин сатылат деп башкарууну өткөрүп берүү;
  • Кийин сатылат деп ижарага берүү;
  • Чарбалык коомдордун уставдык капиталы катары коюу;
  • Акцияларды биржа фондусуна жайгаштыруу жана сатыкка коюу.

"Мамлекеттик мүлкү менчиктештирүү боюнча азыркы жана мурдагы программаларга жасалган анализ көргөзгөндөй, сатыкка коюлган объектилер арыздын жоктугунан сатылбай жатат. Анын ичинде "Альфа Телеком" ЖАКтын мамлекеттик акциялары да бар", — деп жазылат токтомдун долбоорунда.

100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон ири уюлдук оператор аукционго үч жолу коюлуп, бирок сатылбай калган. Анын баштапкы наркы 19 миллиард сом деп белгиленип, акыркы аукциондо баасы 13,5 миллиард сомго чейин төмөндөгөн.

120
Белгилер:
сатуу, өкмөт, аукцион, MegaCom
Тема:
"Альфа Телеком" (MegaCom) жабык акционердик коомун менчиктештирүү (30)
Тема боюнча
Трамп тарткан сүрөт аукциондон 30 миң долларга сатылды
MegaCom менен Beeline компанияларына 839 миң доллар айып салынды
Чубактын кунундай чубалган Megacom иши аягына чыкты. Абеков соттолду