Монеталардан жасалган шаар. Архивдик сүрөт

Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат

340
(жаңыланган 16:43 06.08.2017)
Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигинин директор орун басары Шумкарбек Адилбек уулу бир гана инвесторду тартуу кандай убара тарттырарын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асель Минбаевага айтып берди.

Чет элдик инвестор деген ким? Булар кишиге жакпас, булганч ишканаларды куруу үчүн экологиябызды талкалай тургандар эмес, Кудай жиберген куткаруучулар. Кыргызстандыктарга акча тартуулоого келишет да, муштум менен жек көрүүгө тушугушат.

Инвестор – каражатын пайдалуу бир ишке салып, аны эселентип көбөйтүүгө кызыкдар акчалуу адам. Түзүлчү жумуш орундары жана салык төлөмдөрү – инвестор тандаган өлкө үчүн жагымдуу салым.

Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигинин директор орун басары Шумкарбек Адилбек уулу мындай адамдарды ар тараптан колдоо менен алек. 

Заместитель директора Агентства по продвижению инвестиций и экспорта Шумкарбек Адылбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эмиль Садыров
Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигинин директор орун басары Шумкарбек Адилбек уулу: коомчулукта негедир кытайлык инвесторлорду көндүрүп да кереги жок, алар өздөрү келет деген жаңылыш пикир жашайт. Бул жалган! Инвесторлор менен иш алпарууга аябагандай чоң күч жумшалат

— Кыргызстанда бизнес баштоосу үчүн акчалуу чет элдикти көндүрүү абдан кыйын деп келебиз. Бир мисал менен бул иштер адатта кандай жолдор менен чечилерин айтып бере аласызбы?

— Коомчулукта негедир кытайлык инвесторлорду көндүрүп да кереги жок, алар өздөрү келет деген жаңылыш пикир жашайт. Бул жалган! Инвесторлор менен иш алпарууга аябагандай чоң күч жумшалат. Бир мисал келтирейин. Кытайдын түштүгүнөн бизнесмендер келди. Сапаттуу мискей, көмөч казан жана радиатор өндүрүүчү заводу бар, Европа менен АКШга иштешет.

Алар чет жерде да завод курууга дилгирленип, Казакстан, Россия жана биздин өлкөнүн бирин тандамак болушат. Казакстандагы шарттар аларга жакпайт да, бизге кайтышат. Демек, кызыгуу бар дедик. Электр энергиясынын арзандыгын, иш үчүн бардык шарттар бар экендигин айтып, аларды дагы кызыктырууга жан үрөдүк. Болгон жерди кыдырып, баарын жактырып эле жатышат. Бирок аларга укмуш бир ресторанда сый көрсөтүүгө менин маянам жетпейт. Досторубуздун жардамы менен улуттук даам менен курсактарын тойгуздук. Өлкөбүздүн меймандостугун сездирүүгө бар күчүбүздү жумшадык.

Жер бөлүп берүү маселесин чечип жатсак эле туура бир айга жок болуп кетишти. Кайра келишти, бирок мурдагыдай ачык сүйлөшпөйт. Сураштырсам, алар Россиянын Калуга облусуна барышыптыр. Ал жактын губернатору өзү кабыл алып, сыйлап, түштөндүрүп, жеңилдиктерди берип, колдой турганын убада кылган экен.

Кыргызстанда да аларга жеңилдиктер берилерин, колдоо көрсөтүлөрүн билдирдим. Аларды биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев кабыл алды. Жеңилдиктерди чечип бере турган болдук. Көңүлү ток узашты. Кайра келип, ишти башташты. Убагында отчет тапшырбагандыгы үчүн аларга адегенде эле Салык кызматы 10 миң сом айып салат. Ал жакка чалдым, бул ирет кечирип турууну суранам. Алар да абалды түшүнүү менен кабыл алышты.

Көп өтпөй бизнесмендер кайра мага чалып, эми Соцфонд аралашканын айтышты. Алар менен да сүйлөшүп, айып салуудан баш тартып турууларын өтүнөм. Анан жакшы бир бухгалтер жалдашкан соң, мындай маселелер токтоду. Азыр курулуш жүрүп жатат, ал эми алгачкы өндүрүмдөрүн жыл аягында алабыз. Азыр алардын директору заводду толугу менен Кытайдан бул жакка көчүрүүнү ойлонуштурууда. 

Заместитель директора Агентства по продвижению инвестиций и экспорта Шумкарбек Адылбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шумкарбек Адилбек уулу: алтын боюнча айтпай турган болсок, өйдөңкү сапта айыл чарбасы, анан албетте, кийим тигүү турат. Айрыкча, кийим тигүү абдан кирешелүү: мындай ишти баштоо үчүн көп акчанын да, технологиянын да зарылчылыгы жок, болгону тигүү машинасы жана жумушчу күч керек

— Буга чейин жергиликтүү калк кайсы бир чет элдик завод ээсин кетүүгө мажбурлап жатканы туурасында жаңылык жазгам. Аки-чүкүсүн кое туралы да, буга инвестордун көзү менен карайлы: ал бийликтин макулдугун алган, бардык документтерди каттаткан, анан эле жергиликтүү тургундар анын жолун тосууда…

— Кыргызстандын бир аймагында мындай окуя болгон. Инвестор бизге арыз менен кайрылды. Ал жерде абдан жогорку сапаттагы цемент жасоо үчүн гипс менен темир кени табылган. Мэр менен макулдашылып, документтер даярдалып, чалгыноо иштери башталат. Бир-эки жумадан кийин мэр жер башка бир ишканага ижарага берилгенин айтып, кечирим сурайт. Кийин экинчи ишканага мэрдин тиешеси бар экени аныкталды.

Агенттик тарабынан жумушчу топ түзүлүп, маселе өкмөттүк деңгээлге чейин көтөрүлдү. Ал мэр иштен алынды, тендер жарыяланды. Анда алгачкы иш баштаган ишкана утуп чыкты.

Курулушка каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү гана калган. Жети жүзгө жакын эл менен жолугуп, заводдун табиятка эч таасир этпесин, тескерисинче, калк үчүн иш орундары түзүлөрүн түшүндүрдүк. Ынанып калышты. Ушундай жай сүйлөшүү менен маселелер чечилсе, тоскоолдуктардын алдын алабыз деп ойлойм.

— Каражатын Кыргызстанга жумшатуу үчүн чет элдик бизнесмендерге адатта эмне деп айтасыз?

— Ар бирине өзүнчө жол издейбиз. Маселен, Кытайда азыр абал мындай: маяна көтөрүлүп, бизнесмен үчүн жумушчулардын эмгеги кымбаттагандан кымбаттап барат. Ал эми дүкөндөрдө баа андай ылдамдыкта өспөйт. Ишкер тапканына канааттанбайт.

"Эгер азыр жумушчуга кеминде 500 доллар төлөсөңөр, биздин эл 300 долларга да иштейт. Анан да Кытайда электр энергиясы биздегиден эки эсе кымбат" – деп айтам аларга.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенин айтам. Бул мүмкүнчүлүк менен аларга Казакстан, Россияга экспорттоого аянтча да болуп беребиз. Эгер жүз инвестордон экөө деле иштеп кетсе, бул жакшы жыйынтык.

— Кыргызстанда дүйнөнү багынта ала турган өндүрүм барбы?

— Алтын боюнча айтпай турган болсок, өйдөңкү сапта айыл чарбасы, анан албетте, кийим тигүү турат. Айрыкча, кийим тигүү абдан кирешелүү: мындай ишти баштоо үчүн көп акчанын да, технологиянын да зарылчылыгы жок, болгону тигүү машинасы жана жумушчу күч керек. 

Заместитель директора Агентства по продвижению инвестиций и экспорта Шумкарбек Адылбек уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шумкарбек Адилбек уулу: жумуш орундарынын 90 пайызын жергиликтүү калктан алууга милдеттендирген токтом бар. Чет өлкөдөн алып келип, аларга жол, келишим акысын төлөгөндөн көрө бул алдаканча ыңгайлуу. Бирок бир көйгөй – иштин көзүн билген адамдардын аздыгы. Инженерлер тургай, кээде жөнөкөй жумушчуларды табуу да татаал

— Жакшы өнүккөн текстиль тармагы кедей мамлекеттин белгиси деп укканым бар. Себеби, жакырлык адамдарды аз акчага күн-түн дебей кийим тигүүгө мажбурлайт экен…

— Ооба, туура, бирок башка өңүттөн алып карасак да болот. Ошол эле Кытайды мисалга алалы. Узак убакыт бою алар да ушундай шартта иштешкен, буюртма алышкан, кийим тигип, чет өлкөлөргө сатышкан. Анан алар өз бренддерин жаратууну чечип, өздөрүндө өндүрүлгөн кездемеден тигүүгө өтүшкөн. Бул абдан пайдалуу болду аларга. Ушул жол менен эле бир канча аймагы жакшы эле көтөрүлдү.

Азыр ал жактарда маяна өсүп, эми алар андан төмөн айлыкка иштей турган аймактарды издешүүдө.

Кыргызстан да ушул нукта кетип, өз кездемесин токуп, өз дизайнерлик долбоор менен кийим тигип, башка мамлекеттерге сатышы керек.

— Чет элдик ишканалар жергиликтүү тургундарды ишке албай, өздөрүнүкүн алып келишкендиктен да чыр көп чыгат эмеспи. Бизде мыйзам бул багытты жөнгө сала алабы?

— Жумуш орундарынын 90 пайызын жергиликтүү калктан алууга милдеттендирген токтом бар. Чет өлкөдөн алып келип, аларга жол, келишим акысын төлөгөндөн көрө бул алдаканча ыңгайлуу. Бирок бир көйгөй – иштин көзүн билген адамдардын аздыгы. Инженерлер тургай, кээде жөнөкөй жумушчуларды табуу да татаал.

Азыр биз Кесиптик техникалык билим берүү агенттиги менен талап күч адистиктерге окуутуу боюнча бир канча долбоорлорду ишке киргиздик. Кыргызстандыктардын бир өзгөчөлүгү – жаңы нерсени ыкчам өздөштүрөбүз. Менимче, мындай көйгөй жаралбайт.

340
Белгилер:
инвестор, ишкер, бизнес, инвестициялар, Кытай
Тема боюнча
Тигүүчүлөр кантип байып жатышат? Дил маек