Ак кула ат майданы. Архив

"Ак кула" ипподромун жаңылоо: орун азайып, чыгымы көбөйүүдө

154
(жаңыланган 10:25 19.08.2017)
Буга чейинки долбоордо ат майдан 10 миң орундуу болору айтылган

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги "Ак кула" ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бактыбек Абдиев өкмөттүк жыйында билдирди.

  • Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги Ак кула ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат
    Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги "Ак кула" ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Жээнбеков ипподромдун реконструкцияланышы заман талабы экенин белгилеп, жаңылоо иштери сапаттуу жана өз маалында жүрүшү керектигин кошумчалады.
    Жээнбеков ипподромдун реконструкцияланышы заман талабы экенин белгилеп, жаңылоо иштери сапаттуу жана өз маалында жүрүшү керектигин кошумчалады.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги "Ак кула" ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат

Анын айтымында, ат майданды оңдоо иштери 2018-жылы башталат.

"Реконструкция планы даяр, каржы маселеси да чечилген. Ушу тапта соттун чечими күтүлүүдө. Ипподром менчик колдо эмес, муниципалдык бийликтин карамагында болушу керек. Жаңы долбоор боюнча ат майдан 5500 орундуу болуп, ага 650 миллион сом сарпталат", — деди Абдиев.

Жээнбеков ипподромдун реконструкцияланышы заман талабы экенин белгилеп, жаңылоо иштери сапаттуу жана өз маалында жүрүшү керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин өткөн өкмөттүк жыйында долбоор боюнча башкы ат майдан 10 миң орундуу болору айтылган. 

Ушу тапта 3000 көрүүчүнү батыра алган ипподром "Ак кула" ишканасынын карамагында. Компания менен мэриянын ортосундагы соттук териштирүү 2013-жылдан бери уланып келет.

154
Белгилер:
ипподром, Бактыбек Абдиев
Тема боюнча
Өкмөт "Ак-Кула" ат майданын оңдоо жана кеңейтүү боюнча долбоорду карады
Автобекеттин аймагындагы жер астындагы өтмөк жайдын аягына чейин оңдолот
Проект строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

205
(жаңыланган 17:02 12.08.2020)
Мындан тышкары текстиль фабрикасынын курулушу башталган. Ишкерликтин бул түрлөрүнө төрт гектар жер бөлүнүп, 14 миллион доллар каражат салынган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өнөр жай түрлөрү үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн. Өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 миллион долларга жакын инвестиция салынган.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с проектом по строительству логистического центра в рамках рабочей поездки в Баткенскую область
    Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Өнөр жай түрлөрү үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 миллион долларга жакын инвестиция салынган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с проектом по строительству логистического центра в рамках рабочей поездки в Баткенскую область
    Ал эми текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 миллион долларга бааланууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Фабрика кийинки жылдан тарта 1 000 жумушчу орун түзүүнү жана жылына 400 миллион сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты.
"Борбордун ишке кириши менен 200 жумушчу орун түзүлүп, ал эми жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн продукциясын — даңазалуу Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын сегиз тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк жаралат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 миллион долларга бааланууда. Фабрика кийинки жылдан тарта 1 000 жумушчу орун түзүүнү жана жылына 400 миллион сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.

Көйгөйдүн баары ачыкталды. Президент Баткенде оңдолуп жаткан оорукананы көрдү

Өз кезегинде Жээнбеков ишкерликтин мыйдай түрлөрү колдоого аларлык экенин белгилеген.

Долбоорлордун курулуш иштерин толук бүткөрүү 2020-жылдын декабрына пландалган.

205
Белгилер:
курулуш, долбоорлор, ишкер, өнөр жай, фабрика, өрүк, Сооронбай Жээнбеков, Баткен
Тема боюнча
Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?
Өкмөт: Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 млн. сому кайтарылат
Какао даны. Архив

Адистер дүйнөдө тез кымбаттап бара жаткан товарларды атады

229
(жаңыланган 13:14 12.08.2020)
Бул товарлардын баасы пандемияга чейин бир топ арзандап кеткен. Бирок акыркы жарым жыл ичинде кайрадан көтөрүлдү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Дүйнөдө тездик менен кымбаттап бара жаткан биржалык товарлардын катарын какао, шекер, кофе жана пахта толуктады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазды.

Дүйнөлүк биржада май айынан бери шекер 19 пайызга, пахта 10 пайызга кымбаттаган.

Ал эми Лондон биржасында акыркы айда какао 17 пайызга (тоннасына 2488 долларга чейин), кофе 14 пайызга (килограммына 2,47 долларга чейин) баасын жогорулатты.

Торонто биржасында Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы кымбаттады

Маалыматка караганда, дал ушул товарлардын баасы пандемияга чейин бир топ арзандап кеткен. Бирок акыркы жарым жыл ичинде кайрадан көтөрүлдү. Адистер дүйнөдөгү абал турукташып, товар өндүрүү калыбына келмейин, баа өскөндөн өсө берерин божомолдошууда.

229
Белгилер:
экономика, пандемия, баалар, товар, Дүйнө
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп
Россиянын коронавируска каршы вакцинасы

Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй

0
(жаңыланган 22:59 12.08.2020)
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн жар салды. Колдоп ыраазычылык айткандар, сындап нааразы болгондор да кездешти дейт дарыгер Сергей Царенко.

Биз, дарыгерлер, коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап айыктырууда моноклоналдык антителону, стероиддерди, вируска каршы дарыларды колдонуп, ийгиликке жеттик. Ооругандар азыраак көз жума баштады, ал эми оор абалда жаткандарды баары бир өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга аргасыз болдук.

Ар бир он кишинин алты-сегизи оорукана ичиндеги инфекциядан каза тапты. Андай ноокастарды жаңы антибиотиктер сактап калмак эле. Бирок аларды иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек. Дагы башка жолу бар. Ал – адамдарды оору жуктурбай аман алып калуу. Бардык жагынан алганда бул жакшы. Адам оорубайт, айланадагыларына илдетти жуктурбайт. Негизи адам кеселге канчалык туруштук берсе, коомчулуктун иммундук катмары калың болуп, эпидемия эртерээк кайтат.

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

Азырынча ооруга болгон туруктуулук эгерде ал ооруп айыкса гана калыптанат. Дагы бир коопсуз жолу бар, ал — иммунизация. Анан калса Гамалея институтунун адистери иштеп чыккан майнаптуу жана коопсуз вакцина бар. Бул институт автомобиль курууда "Мерседес" кандай кадыр-барктуу бренд болсо, микробиологияда дал ошондой дөө-шаа.

Мен академиктер Гинцбург менен Логуновду көп жылдан бери жакшы билем. Алардын кызматкерлери менен туруктуу бактерияларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып келе жатабыз. Мындан сырткары, Эбола жана MERS вирусуна каршы вакцина чыгарышты. Жөн гана ойлоп чыгарып коюшпай, аны майнаптуу жана коопсуз кылышты.

Адам үчүн коопсуз болгон аденовирус ташып жүрүүчү ракета сымал орбиталдык станцияга коронавирустун кичинекей бөлүгүн жармаштырып койду. Аны адамдын ичине, организмине кое берди. Мындан улам экөөндө тең иммунитет пайда болду. Ийгиликти бекемдеш үчүн ошондой эле "орбиталдык станцияны" башка аденовируска "ташып жүрүүчү ракетага" кое беришти. Кайрадан иммунитет пайда болду. Жыйынтыгында эки аденовируста алсызыраак (себеби ал организмге кереги жок да), ал эми коронавирустан — туруктуу жана ишенимдүү иммундук коргоо жаралды. Сонун, гениалдуу.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Вакцинаны ыктыярчы адамдарга сынап көрүштү. Алардын бардыгы Гамалея институтунун кызматкерлери эле. Алар аркылуу биринчи поезд өттү! Мындан кийин вакцинаны аскер кызматкерлерине сынашты. Биринин да ден соолугунда көйгөй жаралган жок, бардыгында кубаттуу бир иммунитет пайда болду.

Албетте, бүткөн ишке сынчы көп. Басылмаларда сындар жаады. Көп сөздөр айтылды. Акыркысына эле токтолсок, чочуй тургандай нерсе. Инфекцияны толук жок кылбайт же антитело вирустун клеткага киришинин натыйжалуулугун күчтөндүрөт (ADE) дешти. Бул адис эместер үчүн коркунучтуу. Ал эми вирусологдор ADE натыйжасы Денге лихорадкасы үчүн эле эмес, вакцинация менен да байланышпагандыгын билишет. Калган учурларды майнапты пробиркадан гана көрүшөт.

Ушул жерден суроо жаралат. Басылмалардагы бул кампанияны ким каржылап жатат? "Көз карандысыз" эксперттер кимден көз каранды? Полишинель сыры: россиялык окумуштуулардан артта калып калган башка вакциналардын өндүрүүчүлөрүнөн көз каранды. Дагы вируска каршы дарыларды чыгаргандар бар. Кээде ал препараттар оору менен күрөшүүдө майнабын берет. Бирок ал оорунун жеңил түрүнө кабылганда жардамчы, бирок башка кыйыр таасирлери толтура.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Иштеп жүргөн бизге окшогон дарыгерлер, мисалы, ушундай майда нерселерди көргөндө уяласың. Бизге качан коронавирус жуктурган бейтаптар келбей калат, эпидемиядан улам кол жетпей жаткан башка ооруларды качан дарылайбыз деп күтөбүз.

0
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт