Макмал алтын кенинде иштеген жумушчу. Архивдик сүрөт

Тогуз-Торону баккан "Макмал". Жабыла турган комбинаттын багын инвестор ачабы

788
(жаңыланган 10:01 29.08.2017)
Акыркы жылдары жалаң чыгым менен иштеп келе жаткан "Макмал алтын" кенине учурда үч инвестор кызыгып жатат. Алар: Singapore Gold (Сингапур), Demirkiran Madencilik (Түркия) жана "Эверест ойл" (Кыргызстан) компаниялары.

Комбинат беш жылдан бери чыгым менен иштеп келе жаткандыктан, аны жабуу боюнча маселелер козголуп, ушул ишкананын арты менен жан баккан Тогуз-Торо элинин жүрөгүн оорутуп келет.

Акыркы жолу 2012-жылдан киреше менен чыккан камбинат 2013-жылы 1,1 миллон сом чыгаша тартса, былтыркы жылы бул сумма 175 миллион сомду түзгөнүн ага ээлик кылган "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын орун басары Бектур Сагынов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдири. 

"1988-89-жылдары 12 ай ичинде 3,5 тоннадан алтын берген камбинат акыркы жылдары "түшүмдүү" болбой калды. Мисалы, былтыр 173 килограмм гана алтын алынды. Ошентип "Кыргыз алтынга" чыгашаларды гана алып келүүнүн үстүндө. Бирок биз камбинаттын ишин таптакыр токтотуп коюудан алыспыз. Анткени биз расмий сынак жарыялай электе эле чет элдик инвесторлор кызыгып, алар менен алгачкы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", — деди Сагынов.

Анын айтымында, "Макмал алтынга" кызыккан Singapore Gold жана Demirkiran Madencilik компаниялары алгачкы сүйлөшүүлөрдөн кийин кен чыккан жерге барып, аны өз көздөрү менен көрүп кетишти.

"Макмал алтын" инвесторду эмнеси менен кызыктарат?

Камбинаттын уу калдыктарын сактоочу жайында учурда алты тоннанын тегерегинде алтын бар экенин жана инвесторлор негизинен ошону иштетүүүгө кызыгаарын "Макмал алтын" кенинин мурдагы директору, геолог Каныбек Коноков айтат.

"Мындан тышкары, азыр ал жакта мурункудай рудаларды талкалап, майдалай турган көп күчтү талап кылчу жумуш жок. Анткени кендин 70-80 пайызы эчак талкаланып, иштетүүнүн көпчүлүк процесстерин өтүп, алтынды бөлүп алууга даяр болуп калган стадияда турат" — деди Коноков.

Анын айтымында, инвестор табылып калса, кенди дагы 10 жылга чукул убакыт иштетсе болот. Бирок азыркыдай бир миңге чукул жумушчу менен эмес, 200-250 гана адам калышы керек.

Жумушчулардын санын чындап эле кыскартуу зарыл экенин "Кыргыз алтындын" өкүлү Бектур Сагынов дагы тастыктайт.

Алтын кени жабылып калса, Казарман айылынын гана эмес, жалпы Тогуз-Торо районунун тургундары оор абалга кептелээрин айтып, жергиликтүү тургун Азамат Мамыркулов кейиди. 

Местный житель села Казарман Азамат Мамыркулов
© Фото / Тимур Тынчтыкбеков
Жергиликтүү тургун Азамат Мамыркулов

"Казарманда ар үй-бүлөдөн жок эле дегенде бирден кишинин комбинатка тиешеси бар. Мисалы, менин туугандарымдын көпчүлүгү ушул жерде иштеп, үй-бүлөсүн багып келишкен. Азыр казармандыктар мал менен комбинаттын көзүн карап отурат. Бирок мал багуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ошондуктан ишкана жабылып калса, элдин жарымы жумуш издеп көчүп-конгонго аргасыз болот", — деди Мамыркулов.

Инвестор качан келет?

Инвестор менен батыл сүйлөшүү үчүн алтын кенинин ар бир сантиметрине, буюм-тайымына тиешелүү документтер зарыл болгондуктан, "Кыргыз алтын" комбинаттын имараттары турган жерлерди кайра башынан мыйзамдаштырып жатат.

"Комбинаттын карамагындагы жерлер Советтер Союзу маалында колдонууга берилген. Эми ал жерлерге Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык документ даярдашыбыз керек. Ошондой эле комбинатты толугу менен инвентаризациядан өткөрүү зарыл. Эгер бул иштерди жылдын аягына чейин бүтө албай калсак, 2018-жылдын 1-кварталында бүтүрөбүз. Андан кийин инвесторлор менен чечкиндүү сүйлөшүүлөр башталат", — деди Сагынов.

  • Горнорудный комбинат Макмалзолото
    Горнорудный комбинат "Макмалзолото"
    © Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"
  • Горнорудный комбинат Макмалзолото
    Горнорудный комбинат "Макмалзолото"
    © Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"
  • Горнорудный комбинат Макмалзолото
    Горнорудный комбинат "Макмалзолото"
    © Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"
1 / 3
© Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"
Горнорудный комбинат "Макмалзолото"

"Макмалда" канча алтын калды?

Алтын кенинде акыркы жолу 2015-жылы чалгындоо жүргөн. "Кыргыз алтын" ишканасынын билдиргенине караганда, ошол чалгындоолордун жыйынтыгы менен казыла элек эки тоннадай, иштеп жаткан штольняларда 700 килограммдай алтын бар экени белгилүү болгон. Соңку ирет эки штольняга 450 миллион сомго чукул каражат сарпталып чалгындоо жасалганда, алардын биринде божомолдогон запастын 33 гана пайызы бар экени аныкталган. Ошондон кийин ишкана мындай чоң чыгымдар аркылуу чалгындоо иштерин жасабай эле коюуну чечкен.

Саймалуу-Таштын жанындагы чырга түшкөн кен

Жыл башында Тогуз-Тородогу "Саймалуу-Таш" улуттук паркынын аймагында жайгашкан "Кылдоо" кен участогунан алтын казуу маселеси коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Анда элди ЮНЕСКОнун тарыхый мурастары боюнча дүйнөлүк тизмеге талапкер корук кен казууда жок болуп кетпейби деген маселе тынчсыздандырган. "Кыргыз алтындын" өкүлү Бектур Сагынов "Кылдоодо" чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча уруксат алуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, уруксат берилип калса инвесторлордун акчасы менен ал жерде дагы чалгындоо жүргүзүп, "Макмалдын" запастарына аны да кошууга мүмкүн болмок.

Ал эми геолог Каныбек Коноков "Кылдоо" жайгашкан аймак Кыргызстан үчүн тарыхый баалуулук жараткан жай болгондуктан, ал кенге уруксат алуу өтө кыйын экенин айтып, чоң үмүт артпай эле коюу туура экенин кошумчалады.

Мына ошентип тогуз-торолуктар акчалуу "куткаруучуларды" зарыгып күтүп жаткан кези. Ал эми "Кыргыз алтын" концерни чет элдик өнөктөштөр табылбай калса кандай болот деген сценарийди азырынча четке кагып турууну чечишти.

"Макмал алтын" кени тууралуу

  • Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган социалдык объект;
  • Учурда анда миңден ашуу адам иштейт;
  • 1986-жылы иштей баштаган;
  • 1986-1996-жылдары "Макмалда" кен ачык түрдө казылып алынчу;
  • "Макмал" алтын кени Бишкектен 630 чакырым алыстыкта жайгашкан;
  • Акыркы жолу 2012-жылдан киреше менен чыккан;
  • Комбинат алгач 10 жыл гана иштейт деп ачылган;
788
Белгилер:
жабуу, инвестор, "Макмалалтын" комбинаты, Казарман
Тема боюнча
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу чехиялык компания тууралуу 5 факты