Кыргызстандын алтын кору бир айда жарым миллиард сомго кымбаттады

Жазылуу
Август айынын башында бир доллар 68,65 сомго бааланса, алтындын бир унцийи Лондон биржасында 1270,95 долларга жеткен

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын алтын кору бир айда жарым миллиард сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын валюталык резерви 2,5 миллиард доллардан ашты
Маалыматка ылайык, 1-августка карата жалпы запас 14 миллиард 461,5 миллион сомго бааланган. Бул көрсөткүч 1-июлга салыштырмалуу 480,8 миллион сомго жогору.

Башкы банктын эсептөөсү боюнча бул рекордук көрсөткүч. Өлкөдөгү алтындын кору доллардын жана алтындын баасынан көз каранды. Август айынын башында бир доллар 68,65 сомго бааланса, алтындын бир унцийи Лондон биржасында 1270,95 долларга жеткен.

Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви ондон ашык валютадан жана алтындан турат. Бул каражат эл аралык эсептөөлөрдө жана төлөмдөрдө колдонулат. Ошондой эле улуттук валютанын кунун кармап турууда керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0