Атамбаев газ тууралуу: эми Кыргызстан эч кимге жалдырабай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев "Газпромдун" каржылоосу менен курулуп жаткан мектептин пайдубалына капсула салуу аземинде
Президент Алмазбек Атамбаев Газпромдун каржылоосу менен курулуп жаткан мектептин пайдубалына капсула салуу аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстан эмне үчүн "Кыргызгазды" сатканын жана ал чечим канчалык деңгээлде туура болгонун айтты

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстан эми газ муктаждыгы менен эч кимге жалдырабай калды деген пикирин президент Алмазбек Атамбаев "Газпромдун" каржылоосу менен курулуп жаткан мектептин пайдубалына капсула салып жатып билдирди.

Өлкө башчы бул иш-чарага катышкан "Газпром" ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси Алексей Миллерге дагы кайрылды.

"Сиздин келер алдыңызда "Кыгрызгазды" "Газпромго" бардык чириген куурлары менен инвестицияга алмашкан учурду эстедим. Анда Атамбаевге карата чабуул катуу болгон. Керек болсо ал эл душманы, өлкөнүн байлыгын сатып жатат дешкен. Андай айкырыктардан кийин менде да күмөнсүнүү болгон. Бирок убакыт биз ишенимдүү дос жана өнөктөш тапканыбызды көрсөттү", — деди президент.

Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдүн газ берилген жана бериле турган көчө-конуштары. Карта
Атамбаев ошондой эле чоң аткаминерлердин бири компанияны ага бергенде өлкөнү алтынга карк кылам деп чыкканын айтып, "бирок ал мамлекетти тоноп, керек болсо ардагерлерди тоногону менен белгилүү болчу" деп кошумчалады.

"Башында бардыгы күмөн санаган биздин иш убакыт көрсөткөндөй өзүн-өзү актады. Эми Кыргызстандын башчысы менен өкмөтү башка мамлекеттин өкмөтүн күнү-түнү сагалабай калды. Газ берсең талаш жерлердин бирин беребиз деп жалдырабай калды", — деди Атамбаев.

Президент өз сөзүндө "Газпром" келгенге чейин газдын бир метр кубунун баасы 260-280 доллар экенин, азыр 150 доллар болуп калганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0