Сентябрь айына карата газдын баасы бычылды

© REUTERS / Nigel Roddis / Illustration / File PhotoОтключения газа в Бишкеке
Отключения газа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-сентябрга карата доллардын наркы 68,68 сом деп эсептелди

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 2017-жылдын сентябрь айына карата газдын баасы белгилүү болгонун "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, тарифтер мурдагы бойдон калып, өзгөргөн эмес.

"Жай тургундар үчүн газдын бир метр кубу 14,39 сом, өнөр жай, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдарга кошумча нарк салык менен сатуудан түшкөн салыкты кошкондо газдын бир метр кубу 17,64 сомду түздү. Ал эми сатуудан түшкөн салыкты кошпогондо газдын бир метр кубу 17,49 сом деп аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

1-сентябрга карата доллардын наркы 68,68 сом деп эсептелди.

Белгилей кетсек, "Газпром Кыргызстан" ишканасы "жаратылыш газынын тарифтери" жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, ай сайын сомдун долларга карата наркына жараша баа бычат.

Жаңылыктар түрмөгү
0