Кумтөр. Архивдик сүрөт

"Кумтөрдү" иштеткен Centerra Кыргызстанга 60 миллион доллар бөлүп берет

134
(жаңыланган 14:32 06.09.2017)
Бул каражат Ысык-Көлдүн жээгинде суу тазалоочу заманбап түтүктөрдү курууга жана онкологиялык борборду техникалык модернизациялоодон өткөрүүгө жумшалат

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Ысык-Көлдү тазалоочу жабдууларды сатып алууга 50 миллион, Республикалык онкология борборун техникалык модернизациядан өткөрүүгө 10 миллион доллар бөлүп берет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Шейшемби күнү Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында өкмөт өкүлдөрү Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жана экологиялык соттук териштирүүлөрдү жөнгө салуу боюнча маалымат берди.

"Сүйлөшүлгөн келишимдердин жыйынтыгы боюнча Centerra Gold Inc. компаниясы жаңыдан түзүлгөн "Жаратылышты өнүктүрүү" фондуна 50 миллион доллар которууга даяр. Ал каражат биринчи кезекте Ысык-Көлдүн жээгинде суу тазалоочу заманбап түтүктөрдү курууга жана модернизациялоого сарпталат. Ошондой эле социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор онкологиялык борборду техникалык модернизациялоодон өткөрүүгө 10 миллион доллар бөлүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 2009-жылдагы көрсөтүлгөн келишимге ылайык жыл сайын төлөнүүчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин жогорулатылган.

Улуу Британия кен жабылгандан кийин Кыргызстандын каржы мекемелерине калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин жыл сайын 6 миллион доллар которуп турат. Бул каражаттын көлөмү 69 миллион доллардан кем болбойт.

134
Белгилер:
Сапар Исаков, Кумтөр
Тема боюнча
Исаков Кумтөр качан жабыларын жана кандай шарттар коюлганын айтты
Исаков: "Кыргызтелеком" жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керек
Кумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт

Ар бирине отчёт бербейбиз. "Кумтөр" депутаттардын сынына катуу жооп берди

1174
(жаңыланган 21:15 23.09.2021)
"Кумтөр Голд Компани" кендеги абал боюнча кенен маалыматты жарыялады. Ишкана кээ бир тараптарды өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп саясий упай топтоого аракеттенбөөгө чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" (КГК) жетекчилиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүнө жооп берди.

Таратылган маалыматта кээ бир саясатчылар, депутаттар жана социалдык тармактардагы "диван эксперттери" "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын ишмердүүлүгүн чоң талкууга алып жатканы жазылган. Алар ишкана тараткан маалыматка карама-каршы, кээде агрессивдүү маанайдагы билдирүүлөр болуп жатат деп билдирген. Компаниянын басма сөз кызматы "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү тууралуу маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда дээрлик күн сайын текст жана видео түрүндө толук маалымат берип жатканын кошумчалаган.

"Айрым саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка карандай калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул "ысык тема" аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Кырдаалдын мындай өнүгүшү, албетте, "Центерра" үчүн да, айрым кызыкдар тараптар үчүн да пайдалуу. Депутаттар боюнча айтсак, баары айдан-ачык түшүнүктүү. Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар "Кумтөр"  саясат эместигин, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу экенин эскерткен.

"Добуш топтоонун эң ыңгайлуу жана натыйжалуу жолу – эл өкүлү катары жасаган ишиңердин жыйынтыгын элге айтып берүү", — деп жооп берген депутаттарга.

Компания конструктивдүү суроолорго жооп берүүгө дайым даяр экенин айтып, абалды төмөнкүчө түшүндүрүп берген:

1."Кумтөрдүн" алтынын сатууга байланыштуу маселе боюнча, алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусун – алтын, күмүш, жез жана башка кошулмалары бар Доре эритмесин алуу, аны тазалоо жана андан ары алтын менен күмүштү экспорттоо "Кыргыз алтын" ААКсы тарабынан ишке ашырылат. Бул жагы "Кумтөр Голд Компани", "Кыргыз алтын" ААКсы жана КРдин өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын менен күмүштү сатуу жөнүндө келишимде каралган.

2. Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоо тартибине ылайык, КГКнын убактылуу сырткы башкаруучусу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ай сайын компаниянын иши жөнүндө отчёт берет. Мында ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

Эгерде депутаттар КГКнын Убактылуу сырткы башкаруучусунун отчётун уккусу келсе, анда алар бул маселени Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен макулдашуусу керек жана ошол учурда гана отчёт берилет. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы ар бир депутатка өзүнчө отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Эскерте кетсек, "Кумтөр Голд Компани" – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар.

3. "Кыргыз алтын" ААКсынын "Good Delivery List" ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – "Stone X" компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн "Stone X" өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана "Кыргыз алтын" ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат.

Бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча), "Кыргыз алтын" ААКтын алтын сатуу укугун чектебейт, Кыргыз Республикасынын суверендүү укуктарын да чектебейт жана ошондой эле эч кандай субъектиге баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында\биржалар\рынокторундагы экинчи соодадан Кыргыз Республикасынан алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары).

"Кумтөр" аны менен кошо жакында эле кенге барып келген "Кумтөр биримдиги" кесиптик бирлигинин төрагасы Рамис Мамбеталиевдин маалыматын келтирген.  Уюмдун жылдан жылга күч алып баратканын сезип, канадалыктар 2014-2016-жылдары аны 5ке бөлгөнгө жетишкен деген маалыматты берди.

"Акыркы профсоюз болуп КГК уюму анын жетекчиси Калыс Рыспаев бөлүнүп кеткен. Анын кенге жана "КГКнын" бардык объектилерине кирүүсүнө тыюу салынышы туура болгон. Себеби ал "Кумтөр" кени мамлекетке өтүп жатканда, канадалыктардын таламын талашып, кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге үгүттөөгө аракет кылган. Жумушчуларга жаңы жетекчилик эми иштен кетирет, айлыгыңарды кыскартат. Туура эмес, тескери маалыматтарды таратканы да белгилүү", — деп компания Мамбеталиевдин сөзүн келтирген.

Профсоюз башчысы учурда "Кумтөр Голд Компанидеги" бардык кызматкерлердин укуктары толугу менен корголуп, мурдагыдан да жакшы эмгек шарттары түзүлгөнүн айткан. Ал "Кумтөрдөгү" төрт кесиптик бирлик "Кумтөр Биримдиги" деген бир профсоюзга биригип жаткандыгын кошумчалаган.

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКы дагы бир жолу "компаниянын атын ыплас саясий технологияларда колдонбоону суранып", кенге сырткы башкарууну киргизүү зарылдыгы болгонун эскертет. Алар бардык иштер мамлекеттин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жатат деп кошумчалашкан.

1174
Белгилер:
Кыргызстан, Кумтөр, алтын, депутат, кайрылуу
Тема боюнча
"Кумтөр": Нью-Йорк соту тетик сатып алуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты
Жапаров Лондондогу ассоциациянын "Кыргыз алтын" боюнча чечимине комментарий берди

Мен баарын билгем... Алтын концентраты боюнча Бажы башчысынын маеги видеодо

319
(жаңыланган 19:22 23.09.2021)
Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков 17 фура алтын концентраты Кытайга чыгарылып кетти делген маалыматтын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстанга айтып берди. Ал аталган иш жеке көзөмөлүндө болгонун белгиледи.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев былтыр ноябрда "Эркеч-Там" бажысынан кармалган 17 фура алтын концентратын "Достук" постунан чыгарып кеткенин билдирген. Концентрат ташыган компанияга Финпол тарабынан кылмыш иши козголгонуна карабай, "Гик Кайди" компаниясы лицензиясын жаңылап алганына нааразы болгон. Депутат Бажы кызматын коррупцияга айыптап, жетекчиси аны билбей калганын айткан. Депутат алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн белгилеген.

Ал эми Исабеков депутаттын айтканын төгүнгө чыгарып, такталбаган маалыматты таратты деген пикирин билдирди.

"Мен Бажы кызматынын жетекчисимин, "билбей калыптырмын" деген сөздү айтпашым керек. Бардыгын билем, кырдаал биздин көзөмөлдө болчу. Буга кылмыш иши козголгон эмес. Такталбаган маалыматты айтуу кандай экенин эми ал киши өзү талдап алар. Бул жерде 17 фура эмес, 14 контейнер болчу. Чаткал алтын-кен комбинатынын жүгү болуп атат", — деди Исабеков.

Бажы кызматынын башчысы кеп болуп жаткан жүк Чоң-Алайдан эмес, Чаткал районунан казылганын ырастады. Ал эми аны экспорттоодо мыйзам бузулбаганын белгиледи.

"Алтын концентраты былтыртан бери убактылуу кармалып турган. Себеби лицензиясы колго жазылыптыр, анан жасалма болушу мүмкүн деген шек менен убактылуу кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Каржы полициясына тапшырылган. Ал орган тийиштүү материалды топтоп, бирок декабрда жоюлуп кеткенине байланыштуу УКМКнын Ош облустук башкармалыгына өткөрүп берилген. Ал эми 31-декабрда компаниянын лицензиясынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш токтотулган. Анан Экономика министрлигинен жаңы лицензия, УКМКдан кат алгандан кийин жүктү чыгарууга уруксат берилген. Катта "мурдагы каталардын баары жоюлганына байланыштуу уруксат берилди" деп жазылып турат. Документтер мыйзамдаштырылгандан кийин экспортко бөгөт коё албайбыз", — деди Исабеков.

Ошондой эле ал "Эркеч-Тамдан" эмес, кайра "Достук" постуна алып келип Өзбекстан аркылуу чыгарып кеткен компаниянын өзүнүн чечими болгонун, бажычылар ага кийлигише албасын кошумчалады.

Ал эми депутат Аккулу Бердиевдин коңгуроо кагуусунан кийин бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айтат.

"Депутат менен эки-үч ай мурда сүйлөшкөнүбүздө айткан, ошондуктан мен жеке көзөмөлүмө алгам. Анан "билбей калыптырмын" деген сөздү айтыш, биринчиден, мен үчүн уят. Экинчиден, ал кишинин айткандарын төгүнгө чыгарам. Кечээ дагы чалып "жүк чыгып кетиптир, мен бул боюнча билем, коррупциялык иштерге барып атасыңар" деп мени күнөөлөдү. "Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи маселе кылып айтам" деди. Эми ал өзүнүн эрки. Мен мында коррупциялык иштер бар деп айта албайм. Бардык иш кагаздары мыйзамдуу жол менен топтолуп, аныктама берилип, чыгарылып кетти", — деди Бажы кызматынын төрагасы.

Аны менен катар Исабеков 14 контейнер алтын концентратынын салмагы 364 тонна, статистикалык баасы 555,4 доллар болгонун билдирди.

Депутат болсо алтын концентратынын баасы 253 миллион долларды түзөрүн айткан. Исабеков ал эмненин негизинде айтканын түшүнө албай, мурда чыгып кеткендерди да кошуп жатышы мүмкүн деп божомолдоду.

319
Белгилер:
Мамлекеттик бажы кызматы, Самат Исабеков, Аккулу Бердиев, алтын
Тема боюнча
Бажы кызматы Кытайга 17 фура алтын концентратынын чыгып кетиши боюнча үн катты
Депутат: Чоң-Алайдан 17 фура алтын концентратын Кытайга чыгарып кетишти
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев. Архив

Аскар Акаев Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту

0
(жаңыланган 05:15 24.09.2021)
Өлкө башчылары 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан. Ошондой эле экөөнү илимден саясатка келгени бириктирип турат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.

Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.

Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.

Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.

"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Армения, Аскар Акаев, жолугушуу
Тема боюнча
Акаев Кумтөр боюнча сурактан кийин бүгүн Москвага учуп кетти