Кыргызстандын алтын жана валюта кору күнүнө 1 млн. долларга өсүүдө

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Резервдин азыркы көлөмү акыркы жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Август айынын аягына карата КЫргызстандын алтын жана валюта кору 2 миллиард 91,7 миллион долларды түзгөнү тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына чыкты.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов сунушталууда
30-июлга карата резерв 2 миллиард 61,7 миллион доллар болсо, июндун соңунда 31 миллионго аз болчу. Демек, акыркы айлар аралыгында валюта кору орточо эсеп менен күнүнө бир миллион долларга өсүүдө.

Улуттук банктын ачык маалыматына ылайык, бул 2014-жылдын сентябрь айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашуун өлкөнүн валютасынан жана алтындан турат. Резерв эл аралык эсеп-кысап жана төлөмдөр, төлөм балансынын таңкыстыгын жоюу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0