Исаков Атамбаевге "Кумтөр" боюнча келишимдин артыкчылыктарын айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял премьер-министра Сапара Исакова
Президент Алмазбек Атамбаев принял премьер-министра Сапара Исакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаковдун айтымында, өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзүлдү.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ознакомление с деятельностью горнодобывающей компании Kumtor Gold Company Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Centerra менен "Кумтөр" боюнча жаңы келишимге кол койду
Жолугушууда Исаков Атамбаевге Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон сүйлөшүүнүн натыйжасы жана айлана-чөйрөнү коргоо, инвестицияны өнүктүрүү боюнча кол коюлган стратегиялык келишим тууралуу маалымат берди.

Исаковдун айтымында, өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен "Кумтөр" долбоорунун алкагында экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзүлдү. Андан сырткары, экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишилди.

"Жаңы келишимдин Кыргызстандын экономикасына түз жана кыйыр түрдө тийгизген таасири 200 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн", — деди Исаков.

Өз кезегинде Атамбаев "Кумтөр" долбоорунда улуттук кызыкчылыкты коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, сүйлөшүүлөр аймактагы экологиялык норманы жакшыртууга болгон эки тараптуу кызыкчылыктын бар экенин айгинелеп турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0