Өкмөт ГЭС курчу чех компаниясы 37 млн. долларды качан төлөшү керектигин так айтты

Жазылуу
Өкмөт тараткан билдирүүгө ылайык, Ак-Булуң ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча түзүлгөн келишим 4-августтан тарта күчүнө кирген

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турган Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 37 миллион долларды 19-сентябрга чейин төлөшү керектигин билдирди.

Выставочный стенд компании ПАО РусГидро. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Русгидро" Жогорку Нарын каскады боюнча Кыргызстанды сотко берүүгө даяр
Жакында эле ЖМКлар Liglass Trading компаниясы акциясын АКШда сатыкка коюп, алардын баасы 10-июлдан 18-августка чейин 0,005тен 0,39 долларга чейин көтөрүлгөнүн, тагыраагы 7 миң пайызга өскөнүн жазышкан. Журналисттер бул жөн гана көз боёмочулук болушу мүмкүн экенин айтып, чех компаниясы Кыргызстанда ГЭС курууну эч качан ойлонгон эмес деп божомолдошкон.

Өкмөт тараткан билдирүүгө ылайык, Ак-Булуң ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча түзүлгөн инвестициялык келишим төрт тараптуу макулдашуу болуп эсептелет. Ага кыргыз өкмөтү, Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" жана "Электр станциялары" кирген.

"КР өкмөтү менен Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясынын ортосундагы келишимге 10-июлда кол коюлган. Ал эми "Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы" менен "Электр станциялары" 4-августта кол койгон. Андыктан инвестициялык келишим 4-августтан тарта күчүнө кирди деп эсептелет", — деп жазылат маалыматта.

Киров суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Борбор Азиядагы энергетикалык жана суу байлыктары адилетсиз пайдаланылууда
Ошондой эле майрам күндөрүн эске алуу менен (31-август жана 1-сентябрь) чехиялык компаниянын 37 миллион долларды төлөө мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт.

Аталган компания Кыргызстандын "Русгидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган.

Эске салсак, Liglass Trading компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча сын пикирлер бир гана кыргыз ЖМКларында эмес, чехиялык басылмаларда дагы жазылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0