Корейлер Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыгып жатат

Жазылуу
Кыргызстанда ондогон чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. KEPCO энергетикалык компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу маселесин карап жакандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түштүк Корея" экономикалык өнүгүү фондусунун президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, аталган компания мурда "Датка" подстанциясынын курулушун баштап берген.

"Корей инвесторлору биздин рынокко чакан ГЭСтерди куруу максатында кириши ыктымал. KEPCO — бул Кореядагы энергетикалык компания. Учурда кызматташуунун келечегин иликтеп жатат", — деди Акенеев.

Ал кошумчалагандай, аталган компаниянын КР менен иштей же иштебей турганы жылдын аягына чейин белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0