Швейцариялык банкирлер менен зергерлер Бишкекке өнөктөш издеп келет

© AFP / Sam PANTHAKYПродавец золотых ювелирных изделий в Индии.
Продавец золотых ювелирных изделий в Индии. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Швейцариялык бизнесмендер Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугуша

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги 25-29-сентябрь аралыгында жергиликтүү бизнесмендердин сапарын уюштурат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай иш-чаранын негизги максаты экономикага инвестиция тартып, Кыргызстан-Швейцария бизнес байланышын күчөтүү болуп эсептелет.

"Кыргызстанга келе турган топтун курамында 11 өкүл бар. Алар айыл чарба, банк, финансы, кайра иштетүү өнөр жайы, зер буюмдар индустриясы, инвестиция жана укук тармагында иш алып барышат", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын алкагында швейцариялык бизнесмендер Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0