Альфа Телеком жабык акционердик коомунун имараты. Архив

MegaCom компаниясын 14,5 млрд. сомго РФ жараны сатып алууга ниеттенип жатат

369
(жаңыланган 12:22 27.09.2017)
Уюлдук операторду бир нече ирет аукцион аркылуу сатууга аракеттер көрүлгөн. Натыйжа чыкпаган соң аны түз сатыкка коюу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын жараны "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун 100 пайызын сатып алууга ниеттенип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Кыргыз өкмөтүнө таандык уюлдук операторду сатуу боюнча бир нече ирет аукцион өтүп, бирок кардар чыккан эмес. Мындан улам 25-августта ишкана түз сатыкка коюлган. Сатып алуу үчүн арыздар 25-сентябрь саат 17.00гө чейин кабыл алынмак. Компаниянын наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, ага жалпы сумманын жети пайызы комиссия катары кошулмак.

"Россия жараны Елена Нагорнаядан арыз келип түштү. Ал бардык шартка макул. Бүгүн эртең менен сүйлөшсөм Нагорная бир нече ишканасы бар экенин, каражаты оффшордук эмес, расмий экенин айтты", — деди Казаков.

Ал Кыргызстан аталган компанияны сатууга макул болорун божомолдоп, ушу тапта келишимдин долбоору макулдашылып жатканын белгиледи. Казаков россиялык кардардын компаниялары тууралуу айтуудан баш тартып, бул маалыматты интернеттен таап алууга кеңеш берди.

100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. "Альфа Телеком" боюнча аукцион былтыр май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен. Кийинки аукцион 16-декабрга 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом менен белгиленип, бирок ал да ишке ашпай калган. 2017-жылдын 5-июнунда дагы бир аукцион өтмөкчү болуп, наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, тилекке каршы, бир да арыз түшкөн эмес.

Андан соң аукцион, сынак жана соода-сатыктын башка түрү үч ирет катары менен ишке ашпай калган учурда мамлекеттик объектилерди түз сатыкка коюу боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан.

369
Белгилер:
Альфа Телеком” ЖАК, MegaCom, Болсунбек Казаков
Тема боюнча
Багы ачылбаган MegaCom. Эми аукцион аркылуу эмес, түз сатылышы мүмкүн
MegaCom менен Beeline компанияларына 839 миң доллар айып салынды
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

24
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

24
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

84
(жаңыланган 22:09 08.08.2020)
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков саламаттык сактоо системасын жылытуу мезгилине даярдоо биринчи орунда экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбеков күз-кыштагы жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча жыйын курган. Анын айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезону даяр болушу шарт. Анын ичинде ооруканалар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясынын кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Медициналык мекемелердин бардыгы кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер жылытуу маселелеринде облус жетекчилеринин жоопкерчилиги да чоң экендигин эскерткен.

Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган.

84
Белгилер:
оорукана, даярдык, жылытуу маалы, жыйын, өкмөт, Алмазбек Баатырбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын
Пассажирский авиалайнер Boeing 777-31H(ER) авиакомпании Россия совершает посадку в аэропорту Симферополя.

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

0
Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланышутуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

Ага модератор учурда кыргыз жарандары кандай негизде сыртка чыга алат деген суроо берген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Акышевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын жарандыгы бар адамдарга сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

"20-марттан тарта өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек ара жабылган. Демек биздин жарандар сыртка чыга албайт. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Жакында даяр болот", — деди Акышев.

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана аткарылууда.

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

0
Белгилер:
укук, жаран, чек ара, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты
Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жума сайын уча баштайт