Туризм департаменти: быйыл кыргызстандыктар чет элдиктерди жакшы тосушту

Жазылуу
Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморовдун айтымында, 2017-жылы туризмге көп каражат салынган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын туристтик сезону жакшы өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда эл аралык туризм күнүнө карата өткөн видео көпүрөгө катышкан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча быйыл Ысык-Көлдөгү туристтик сезон жакшы өттү. Бизнесмендер чет элдик конокторду тийиштүү деңгээлде тосуп алышты. Азырынча биздин колго так маалыматтар келип түшө элек, бирок инвестициянын көлөмү 4 миллиард сомго өскөнү маалым болду. Ошондой эле чарба субъектилеринин саны 4 миңге өскөн. Бүгүн өлкөдө алардын саны 105 миң", — деди Оморов.

Ал ошондой эле өлкөдөгү туризм туруктуу темп менен өнүгүп жатканын белгиледи.

Видео көпүрөгө Минск, Кишенев, Баку, Тбилиси жана Бишкектин адистери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0