Мамлекеттик ипотекалык насыянын коюму октябрдан тарта 8 пайызга чейин төмөндөйт

Жазылуу
Өкмөт башчы өнөктөш банктардын жетекчилерине ипотекалык насыянын пайыздык коюму азайганы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып кайрылды

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 1-октябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8 пайызга чейин төмөндөйт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков атайын жыйында кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Ал өз сөзүндө өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын артыкчылык берген багытынын бири насыя берүүнүн шарттарын жакшыртуу экенин баса белгиледи.

Премьер, андан сырткары, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашырууда пайыздык коюмду азайтуу боюнча маселени карап чыгуу боюнча тапшырма берди.

"Жыйынтыгында биз учурдагы 10 пайыздык коюмду 8 пайызга чейин түшүрө алдык. 2017-жылдын 1-октябрынан тарта жарандарыбыз мамлекеттик ипотекалык насыяны 8 пайыз менен ала алышат", — деди Исаков.

Строительство домов для пострадавших от оползней в Чечне - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет ар бир облустун борборуна эконом-класстагы үйлөрдү салат
Өкмөт башчы ошондой эле өнөктөш банктардын жетекчилерине ипотекалык насыянын пайыздык коюму азайганы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып кайрылды.

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев учурдагы пайыздык коюм менен насыя алгандардын да жагдайы жаңы пайыздык коюм боюнча караларын айтты.

Исаков, андан сырткары, Каржы министрлигине өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн тез арада каражат караштырууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0