Атамбаевдин Ташкентке болгон сапары. Ажо эмне менен кайтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистане
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карапайым кыргызстандыктар менен өзбекстандыктарга эмне керек. Бул боюнча эки мамлекеттин президенттери кандай пикирде экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Туура бир айдан кийин Алмазбек Атамбаев дагы коңшу мамлекетке мамлекеттик сапары менен барды

Ишкерлердин багын ачкан сапар

Коңшу мамлекет бир гана жогорку даражалуу аткаминерлерди гана өзгөчө күтпөстөн, ишкерлерди да кучак жайып тосуп алды. Тараптар бардык тармак боюнча кызматташуу тууралуу сөз кылышты. Ташкентке 200дөй ишкер барып, Кыргызстан менен Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү болду. Андан сырткары, бизнес-форум дагы уюштурулган. Кыргызстандын соода өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеевдин айтымында, жалпысынан 60-70 миллион доллардык келишимге кол коюу пландалган. Бирок иш жүзүндө ал ойлогондон да көп болду. 

© Sputnik / Бакыт ТолкановТашкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай товарларынын көргөзмөсү уюштурулду
Выставка промышленной продукции Кыргызстана и Узбекистана в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай товарларынын көргөзмөсү уюштурулду

Өзбек президенти Мирзиёев 200 миллион долларлык келишимге кол коюлганын айтты.

Мындай болору алдын ала болжонгон, анткени акыркы жарым жылда эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге көбөйгөн.

Маданий байланыш

Коңшу эки мамлекет бир гана ишкердик жаатында кызматташтыкты арттырбастан, маданий жагын да колго алышууда. Мыкты ырчылар, чыгармачыл топтор Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышууда.

"Силер бизге келип, биз силерге бардык. Булардын да дал келип калганын карасаңар", — деп өзбек президенти жылмаюу менен белгиледи.

Ал ошондой эле ишкерлерге тоскоолдук болбосо эле алар өз ара байланыштарын чыңдай турганын айтты. 

Биримдик тууралуу

Эки мамлекеттин президенттери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушууларды өткөрүп, андан кийин журналисттер үчүн билдирүү жасашты.

Өзбек президенти тар чөйрөдөгү жолугушууда Атамбаевдин иш сапары анын Бишкекке болгон сапарында жетишилген сүйлөшүүлөрдүн уландысы экенин белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКол алышып маанилүү документтерге кол койгон өлкө башчылары
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Кол алышып маанилүү документтерге кол койгон өлкө башчылары

"Чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын ачылышы өзгөчө мааниге ээ. Эл кубанып, президенттерге ыраазычылыгын билдирип жатат", — деди ал.

Суу сактагыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташкент менен Бишкек алгачкы жолу аскердик тармак жаатында кызматташат
Мирзиёев Атамбаевдин бул сапары кызматташуудагы жаңы барактарды ачып, анын ичинде аскер-техникалык жаатта да кызматташууга жол ачарын айтты.

"Кыргыз делегациясынын курамында күч түзүмүндө иштегендердин көп болушу ага күбө", — деди ал.

Атамбаев өз кезегинде тарыхый чечимдин кабыл алынышына Шавкат Мирзиёевдин салымы өтө чоң экенин баса белгиледи.

"Бир убакта Кыргызстан менен Өзбекстан Кокон хандыгынын курамында бир мамлекет болгон. Биздин күчүбүз биримдикте", — деди президент.

КР президенти "Эгер өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" деген сөздү айтты. 

Чек арасыз байланыш

Сценарий боюнча президенттер кеңейтилген чөйрөдө жолугуп, ал жакта бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары 5-6-октябрда болду
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары 5-6-октябрда болду

Атамбаев мамлекеттик чек аранын 85 пайызы такталганына басым жасап, өз мөөнөтүнүн аягына чейин калган 217 чакырым (анын 40 чакырымы такталган) боюнча ишти аягына чыгарууга үлгүрсөм экен деген пикирин айтты

"Эки өлкө ортосундагы бардык көйгөйлөр менен маселелерди жоюп, достукту орноткон президент катары сиз менен биргеликте тарыхта калгым келет. Менин пикириме толугу менен кошуларыңызды көрүп турам", — деди ал.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев: эки өлкө ортосундагы барьерлерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди
Атамбаев чек араны тактоо боюнча чечкинсиздик аракеттердин кесепети эмнеге алып келерин белгиледи. Ал ошондой эле тышкы күчтөр менен мамлекеттин ичиндеги айрым саясатчылар тарабынан уюштурулган этникалар аралык чырды эске салып, анда талаштуу жер тилкелерин күч менен тартып алууга чакырыктар болгонун айтты.

"Такталбаган чек ара айрым популисттер менен курчечендерди акылга сыйбаган кадамдарга түртөт. Андыктан суу менен жерден улам согуш чыгат деген сөздөр чыккан. Азыр болсо андай сөздөрдүн чыкпашы үчүн чек ара маселесин чечип жатабыз", — деди Атамбаев.

Сыйга сый, сыр аякка бал

"Аксакалдар менен дипломаттар акыркы 25 жылдын ичинде болгон мындай өз ара жылуу мамилени эстей да алышпайт. Бүгүн биз болгон бардык чектөөлөрдү алуу боюнча тапшырмаларды бердик", — деди Мирзиёев.

Коңшу мамлекеттин башчысы эки өлкөнүн аткаминерлери эки тараптуу маселелерди чечүүдө кызматташууну кеңейтүүсү керектигин айтты. 

Ниети караларга жол жок

Мирзиёев "Манас" эпосунун маанисин жогору баалады.

"Ал рекорддор китебине кирген, аны окуп чыгуу менен кыргыздардын тарыхын билүүгө болот. Китеп биздин эл үчүн да абдан пайдалуу болот", — деди ал.

"Манас" эпосу жакында эле өзбек тилинде басылып чыккан. Анын биринчи нускасын Атамбаевге тартуу кылды. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевге "Манастын" өзбек тилине которулган китебин тапшырды
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевге "Манастын" өзбек тилине которулган китебин тапшырды

Атамбаев өз кезегинде эпостун бүгүнкү күндөгү орду тууралуу айтты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кесиптеши Мирзиёев менен тарыхта каларына үмүттөнөрүн айтты
"2010-жылдагы каргашалуу окуядан кийин улутчулдар баш көтөрө баштады. Алар эми эле интернационализм жолуна түшүүдө, себеби улутчулдар бизде камалат. Мен ар дайым мындай көрүнүш менен кантип күрөшүү керектигин ойлонуп келем", — деди президент.

Атамбаев туура чечим кабыл алууга "Манас" эпосундагы "Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" деген саптары жардам бергенин билдирди.

"Мен демөөрчү таап Манастын эстелигин орноттум. Ал ортодо "дагы бир эстеликтин эмне кереги бар" деп кыйкырып чыккандар болду. Бирок эстелик бизге көп улуттуу экенибизди эстетип туруу үчүн керек", — деди президент. 

Кызматташуунун жаңы бийиктиги

Өзбек президенти Кыргызстанда маанилүү саясий окуя — президенттик шайлоо болорун айтты.

"Кеменгер кыргыз эли татыктуу лидерди тандайт деп ишенем. Ошол эле учурда Алмазбек Шаршеновичтин жетекчилиги убагында көптөгөн иштер жасалды. Эң башкысы тынчтык менен туруктуулук өкүм сүрүүдө. Эртең дагы ушундай абал сакталат деп ишенем", — деди Мирзиёев

Ал ошондой эле акыркы убактарда өлкөлөр ортосунда көптөгөн маанилүү келишимдерге кол коюлганын айтты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчылары жубайлары менен
Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчылары жубайлары менен

Эки калкты жакындатуучу аракеттер

Биринчи күндүн жыйынтыгы менен дээрлик бардык тармактар боюнча 13 документке кол коюлду. Анын ичинде аскер жаатында да кызматташуу бар.

"Аскердик кызматташуунун келечегин аныктадык. Чынын айтсам аскердик кызматташуу боюнча биринчи жолу сүйлөшүп жатабыз, мына келишимге дагы кол койдук", — деди Мирзиёев.

Өзбек президенти Атамбаевдин сапарын эки өлкө менен элдин ортосундагы мамилени чыңдоого салым кошо турчу аракет экенин баса белгиледи.

Атамбаев президенттердин негизги милдети өлкөдө тынчтык менен туруктуулукту сактоо болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0