Жыл башынан бери өлкөнүн алтын валюта запасы 160 млн. долларга өстү

© REUTERS / Ilya NaymushinАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын ачык маалыматтарына ылайык, бул 2014-жылдын августунан берки эң жогорку көрсөткүч

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Быйылкы жылы Кыргызстандын алтын жана валюта резерви 162 миллион долларга көбөйгөнү тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга мигранттар которгон каражат быйыл 320 миллион долларга өстү
30-сентябрга карата запастын көлөмү 2 миллиард 131 миллион 210 миң долларды түзсө, былтыркы жылдын соңунда 1 миллиард 969 миллион 130 миң доллар болчу.

Демек, быйылкы жылдын эсебинен өлкөнүн эл аралык валюта резерви 162 миллион 80 миң долларга өскөн.

Улуттук банктын ачык маалыматтарына ылайык, бул 2014-жылдын августунан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал учурда запаста 2 миллиард 222 миллион доллар бар болчу. Андан соң 2 миллиарддык босогодон бир нече ирет өткөн.

Өлкөнүн эл аралык валюта резерви он чакты валюта түрүнөн жана алтындан турат. Ал эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруу, төлөм балансынын таңкыстыгын жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0