Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын министрлиги 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казакстанга Кыргызстандан сүт продукцияларын ташып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Маалымат жана коммуникация министрлиги билдирди.

Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында болуп, кырдаал курч экенин айтты
Маалыматта бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү иштери пландык негизде жүрүп, көзөмөл ЕАЭБдин талаптарын аткаруу жана мыйзамсыз импортко жол бербөө максатында аткарылып жаткандыгы айтылган.

Ошондой эле, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнү билдирилген.

"Бүгүнкү күндө сүт өндүрүүчү кыргызстандык беш ишканага Казакстанга продукцияларын ташып кирүүгө тыюу салынды. Алардын продукцияларын алып киргенде эреже бузуулар аныкталган. Ошондой эле кыргызстандык эки ишкананын кээ бир продукциялары лабораториялык тыкыр көзөмөлдөн өтүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

13-октябрда "Карасу" бекетинде ветеринардык сертификатын толтурууда эреже бузган деп тамак-аш продукциясын алып бара жаткан бир унаа кармалган. Ага 226 900 теңге айып пул салынып артка кайтарылган.

"Күчөтүлгөн ветеринардык көзөмөл башталгандан тартып Кыргызстандан товар ташыгандардын жана транзиттин саны кескин кыскарган", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев: кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп калбайт! Видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп калбайт! Видео
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик Инспекциянын директору Калыс Жумаканов Казакстанга продукцияларын ташып иштеген 28 кыргыз компания болгонун жана анын 15и сүт өндүрүүчү ишкана экенин билдирди. Ал эми чектөөлөр боюнча кабары жок экенин айтты.

Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0