Экономика министрлиги: чек ара жаатында Казакстан ЕАЭБ эрежелерин бузууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСитуация на контрольно-пропускном пункте "Ак-Тилек автодорожный"
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комитет жетекчилигине бул маселени ЕАЭБдин отурумунда кароону өтүнүп, кат жолдоду

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казак тараптын ЕАЭБдин нормаларындагы укуктарды бузуп жаткандыгы КРдин Экономика министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылды. 

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды
Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

Экономика министрлигинин маалыматында, казак тараптын ЕАЭБдин нормаларында каралган укуктарды бузуп жаткандыгы, анын айынан чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайларында көйгөйлөр жаралып, кыргызстандык ишкерлер чыгым тартып кыйналып жатканы айтылат.

Коңшулардын киргизген мындай кошумча көзөмөлү ЕАЭБ келишимине туура келбестиги жана евразиялык интеграцияга доо кетире тургандыгы белгиленген. “Казакстан товарларды ээр-эркин алып өтүүнү чектеп, анысы менен ЕАЭБдеги бирдиктүү рыноктун негизги эрежелерин бузуп жаткандыгы” айтылган.

“КРдин Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комитеттин (ЕЭК) коллегия жетекчилигине тиешелүү кат жолдоду. Анда Казакстанга ЕАЭБдин 2014-жылдын 29-майындагы келишимин сактоо зарылдыгы туурасында кабардар кылуу жана бул маселени ЕЭКтин коллегиясынын жакынкы отурумунда кароо өтүнүчү жазылган”, — деп айтылат маалыматта.

Атамбаев чек ара маселеси ЕАЭБдин тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев чек ара маселеси ЕАЭБ тагдырына таасир тийгизиши мүмкүн экенин айтты
Чек арадагы  катуулатылган тартипке чейин көзөмөл өткөрүү жайларында күнүнө орто эсеп менен 8 176 адам жана 662 транспорт, анын ичинен жүк ташуучу 388 автоунаа өтүп турган. Ал эми 10-октябрдан тарта ал 3 446 кишиге,  357 транспортко, анын ичинен 162 жүк ташуучу автоунаага азайган. 

Аны менен катар эле 10-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин чек арада орто эсеп менен 100дөн 300гө чейинки автоунаалар топтолуп калганы байкалган.

16-октябрда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында  жүк ташуучу 270 автоунаа туруп калганы мисал катары келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0