КТРК шайлоо учурунда дээрлик 47,5 миллион сом тапкан

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРК телеканалынын логотиби. Архив
КТРК телеканалынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 15-октябрь күнү президенттик шайлоо өттү

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Коомдук биринчи канал (КТРК) шайлоо учурунда үгүт материалдарды жайгаштыруудан жалпысынан дээрлик 47,5 миллион сом пайда тапкан. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасына жазды.

Добуштарды саноо. - Sputnik Кыргызстан
Бир добуш 13 сомго бааланганда. Сарамжалдуу талапкерлердин рейтинги
Карыпбеков каражаттардын басымдуу бөлүгү КТРКнын жаңы көчмө студиясын алууга, өкмөттөн алынган ссуданы жабууга жана жаңы техникаларды сатып алууга жумшаларын жазды.

Эске салсак, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өттү. Ал эми үгүт иштери 10-сентябрдан тарта расмий түрдө башталган.

Маалыматка ылайык, миллиондогон каражаттарды Бабанов, Жээнбеков, Сариев, Малиев жана Төрөбаев короткон.

КТРКга түшкөн каражат төмөнкүдөй:

1. Өмүрбек Бабанов — 20 781 030

2. Сооронбай Жээнбеков — 14 296 870

3. Темир Сариев — 8 022 718,3

4. Арсланбек Малиев — 2 349 051,4

5. Бакыт Төрөбаев — 1 447 118

6. Улукбек Кочкоров — 246 285,76

7. Азимбек Бекназаров — 139 466,7

8. Төктайым Үмөталиева — 31 555

9. Эрнис Зарлыков — 97 800

Жалпысынан 47 миллион 411 миң 895 сом 16 тыйынды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0