Унаа салыгын төлөбөгөндөр жалпы 1,4 миллион сомдук айыпка жыгылды

Жазылуу
Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктаган

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейд өткөргөнүн ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктаган.

"4-30-сентябрь күндөрү унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 261 рейд өткөрүлүп, жыйынтыганда 811 субъектиге 1 миллион 389,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Анын 919 миң сому өндүрүлгөн", — деп жазылат билдирүүдө.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет. Андыктан Салык кызматы унаа ээлерин туум көбөйүп кетпеши үчүн азыр да болсо келип төлөөгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0