Кыргыз өкмөтү Киров суу сактагычындагы сууну кое берет

Жазылуу
Суу сактагычтын негизги функциясы Казакстандын айдоо жерлерин суу менен камсыздоо

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы сууну кое берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ремонт иштери өткөн жылы эле пландалып, бирок ишке ашпай калган.

"Аба ырайы салкындап кеткендиктен суу толугу менен кое берилип, оңдоо иштери башталат", — деп айтылат маалыматта.

Киров суу сактагычы Манас жана Кара-Буура райондорунун ортосунда жайгашкан. Суу сактагычтын негизги иши Талас өрөөнү менен Казакстандын айдоо жерлерин суу менен камсыздоого багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0