Кыргызстан менен Армения соода-экономикалык жаатта кызматташууну илгерлетет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОчередное заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване
Очередное заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-октябрда Исаков Ереванга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген. Аталган жыйынга Кыргызстан төрагалык кылат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Армениянын өкмөт башчысы Карен Карапетян менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кол алышуу жана ардак кароол — Исаковду Ереванда кантип тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
Кол алышуу жана ардак кароол — Исаковду Ереванда кантип тосуп алышты
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-октябрда Исаков Ереванга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген. Аталган жыйынга Кыргызстан төрагалык кылат.

Жолугушууда эки тараптын актуалдуу маселелери жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мындан аркы кызматташуу боюнча сүйлөшүү болгон. 

Исаков өз кезегинде Кыргызстан менен Армениянын соода-экономикалык тармакта өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул жааттагы аракеттер 2017-жылы 2016-жылга караганда көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Армениянын премьер-министри Карен Карапетян дагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун өнүгүшүнө кызыктар жана даяр экенин билдирди.

Ал ошондой эле Армения буларды ишке ашыруу үчүн колунан келген бардык аракетти көрөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0