КМШнын ишкерлери Бишкекте бизнестин көйгөйлөрүн талкуулайт

Жазылуу
Отурумга сегиз өлкөнүн өкүлдөрү келмекчи

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбор калаада эртең, 27-октябрда КМШ мамлекеттеринин Палата жетекчилеринин XV отуруму өтөт. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Отурумга Россия, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения жана Молдованын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Булардан сырткары Кыргызстанга Сербиянын Россиядагы Соода-өнөр жай өкүлчүлүгүнүн директору келет.

"Жолугушууда бизнестин орто жана кичи субъектилерине көмөк көрсөтүү, көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн активдештирүү, бирдиктүү маалымат мейкиндигин калыптандыруу, аймак аралык жана чек ара кызматташтыгын кеңейтүү талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк маселелери боюнча да кеп козголмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0