Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Министр Новиков Казакстан менен соода-экономикалык мамиле тууралуу айтып берет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешКандидат в министры экономики Артем Новиков
Кандидат в министры экономики Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери кандай болуп жатканын маалымат жыйындын журналисттерине Экономика министри түшүндүрүп бермекчи

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 27-октябрда саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык мамилелери боюнча маалымат жыйыны өтүп, ага КР экономика министри Артем Новиков катышат.

Казак-кыргыз чек арасындагы көйгөйлөр ушул жылдын 10-октябрында башталган. Астана мындай жол менен мыйзамсыз импортту ооздуктоону көздөп жатканын билдирген. Ал эми 18-октябрда КР өкмөт башчысы Сапар Исаков Казакстанга барып, ал жерде жеке жүгү менен бара жаткан жүргүнчүлөргө, каттамдагы автобустарга, жеңил унааларга жана бош жүк ташуучу унааларга текшерүү маалында жеңилдиктерди берүү тууралуу сүйлөшкөн.

Здание МИД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: казак тарап чек арадагы кырдаалды дайыма ар башкача түшүндүрөт
Анткен менен ушу тапта деле жүгү бар фуралар кезекте турат.

25-октябрда ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңеш жыйынында Казакстан Кыргызстан менен "жол картасына" кол коюудан баш тартты.

Учурда эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери кандай болуп жатканын маалымат жыйындын катышуучулары айтып берет. Алар: КР Экономика министри — НОВИКОВ Артем Эдуардович, Мамлекеттик бажы кызматынын бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси — БИРНАЗАРОВ Болот Коеналиевич.

Маалыматты чагылдырууну каалагандар +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44 телефондору аркылуу катталып, же a.valiev@sputniknews.com дарегине жазуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0